КӨЧМӨН МУРАСЫ — ӨТКӨНДҮН ЭМЕС, КЕЛЕЧЕКТИН ДА БАЯНЫ
- 03.09.2026
- 0
Ысык-Көлдүн Өрнөк айылындагы Көчмөндөр борборунда өтүп жаткан «Көчмөн цивилизациялары: мурас, парадигмалар жана келечек» эл аралык илимий конференциясында мамлекеттик катчы Арслан Койчиев көчмөн цивилизациясынын тарыхын илимий негизде изилдөөнүн маанисине токтолду.

Ал өз сөзүндө Евразия мейкиндигиндеги көчмөндөрдүн тарыхы кылымдар бою ар түрдүү цивилизациялар менен байланышта өнүгүп келгенин белгилеп, бул мурасты сактоо бүгүнкү муундун маанилүү милдеттеринин бири экенин айтты.
Мамлекеттик катчы көчмөндөрдүн тарыхын изилдөөдө Лев Гумилёв, Анатолий Хазанов жана башка көрүнүктүү окумуштуулардын эмгектери чоң мааниге ээ болгонун белгиледи. Бүгүнкү изилдөөчүлөр бул илимий мурасты археологиялык ачылыштар жана заманбап технологиялар менен улантып жатышат.
«Биз үчүн тарыхты мифологизациялоо эмес, анын маанисин объективдүү жана илимий негизде ачып көрсөтүү өзгөчө маанилүү. Өткөндү изилдеп жатып, биз чындыгында келечекке жол ачабыз», — деди Арслан Койчиев.
Ал ошондой эле Татарстанда, Казакстанда жана башка аймактарда көчмөндөрдүн тарыхын жана Алтын Ордонун мурасын изилдөөгө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.
Анын айтымында, Кыргызстанда жана Борбордук Азияда көчмөн цивилизациясынын мурасы боюнча ачык, ишенимдүү маалыматтык мейкиндик түзүү илимий кызматташтыкты күчөтүп, жалпы тарыхый мурасыбызды дүйнөлүк илимий коомчулукка кеңири таанытууга шарт түзөт.
Конференцияда айтылган ойлордун өзөгүндө бир маанилүү идея турду: көчмөн цивилизациясын изилдөө — өткөндү гана таануу эмес, бүгүнкү дүйнөнү түшүнүүгө жана келечекти калыптандырууга жардам берген илимий багыт.
Атайын кабарчы.
Комментарийлер