КӨЧМӨ БАЛА БАКЧА” ПИЛОТТУК ДОЛБООРУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

  • 23.05.2023
  • 0

№93 орто мектебинде бала бакчага түрдүү себептер менен тартылбай калган балдарды тарбиялоого, өнүктүрүүгө жана окутууга, ошону менен бирге алардын ата-энелери менен иш алып барууга багытталган көчмө бала бакча салтанаттуу түрдө жыйынтыкталды.

КӨЧМӨ БАЛА БАКЧА” ПИЛОТТУК ДОЛБООРУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Аталган долбоор 2021-2040-жылдарга Кыргыз Республикасынын билим берүүнү өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча 2021-2023-жылдарга иш-аракеттер планын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. Долбоор ылайыктуу шарттары бар айыл өкмөттөрдүн жана башка социалдык объектилердин базасында уюштурулган. Анда балдарды өнүктүрүү борборлорунда 6-7 жаштагы балдардын кыска мөөнөткө келүүсүн, алардын өнүгүүсүн жана билим алуусунун моделин сунуштайт.

Көчмө бала бакчада И.Арабаев атындагы КМУнун мектепке чейинки билим берүү технологиясы кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Назгүл Абдраева баштаган окутуучулар курамы сабак өтүштү. Сабактар жүгүртмө боюнча оюн түрүндө болуп, ата-энелерге да методикалык жардам көрсөтүлдү. Педагогика факультетинин 4-курсунун бүтүрүүчүлөрү окутуучулар курамынын көзөмөлүнүн астында үзгүлтүксүз практиканы көчмө балдар бакчасында ийгиликтүү өтүштү.

“Көчмө бала бакча” пилоттук долбоору ишмердүүлүгүн 1-марттан 22-майга чейин Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушундагы №93, 79, 97 орто мектептеринде жүргүздү. Жалпысынан мектепке даярдоодон 5-7 жаштагы 56 бала өттү. Балдар кыска мөөнөтүн ичинде жазып, сөздөрдү окуп, кошуп, кемиткенди үйрөнүп ата-энелерин кубантты. КМУнун ректору бул долбоор улантыларын кабарлады.

Бөлүшүү

Комментарийлер