КӨЧҮРҮҮ ЭКЗАМЕНДЕРИ КАЧАН ЖАНА КАНДАЙ БОЛОТ?

  • 01.03.2018
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги быйылкы окуу жылында 5-8 жана 10-класстар үчүн көчөрүү экзамендеринин мөөнөтү менен формаларын аныктады.

Министр Гүлмира Кудайбердиева кол койгон буйрукка ылайык, быйыл менчик формасы жана тиби кандай экендигине карабай бардык жалпы билим берүү мекемелеринде окуу жылы 25-майда аякташы керек.

V, VI, VII, VIII жана (же) X класстар:

  • беш күндүк жума менен окугандары – 26-29-май,
  • алты күндүк жума менен окугандары – 30-31-май.

Бардык класстар үчүн жазуу түрүндөгү милдеттүү экзамен:

  • кыргыз (мамлекеттик) тили – окутуу орус, өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде;
  • орус (расмий) тили, грамматикалык тапшырмалар менен – окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептерде.

Оозеки милдеттүү экзамендер:

Бешинчи класс – тарых.

Алтынчы класс – биология.

Жетинчи класс – география.

Сегизинчи класс – чет тил.

Онунчу класс – физика.

Лицейлер менен гимназияларда кошумча дагы бир экзамен берилет.

Бөлүшүү

Комментарийлер