ҮЙМӨ-ҮЙ КЫДЫРЫП САБАК БЕРГЕН ЫКТЫЯРЧЫ
- 28.04.2020
- 0
Баткен облусунун Кадамжай районундагы Шыбран айылы бийик тоолуу аймакта жайгашкан.
Айылдагы интернет байланышынын начардыгы окуучулардын аралыктан билим алуусуна кыйла тоскоолдук жаратты.
-Айылыбызда телефон байланышы жакшы эмес. Балдарыбыз телесабактарды да көрө алышпайт, — дейт «Азаттыкка» берген интервьюсунда айыл тургуну Гүлчехра Тойчиева.
Бирок айылда билим берүү иши токтоп калган жок. Ыктыярчы мугалимдер үймө-үй кыдырып сабак беришүүдө.
Ошондой ак жүрөк агартуучулардын бири — жаш англис тилчи мугалим Кылан Кенжебаев.
Ыктыярчы мугалим ар бир окуучуга 15-20 мүнөт убакыт бөлүп, бул убакыттын ичинде жаңы сөздөрдү кайталап, текстти окуп, которгонго жана үй тапшырма бергенге жетишет.
«Азаттыктын» маалыматына таянсак, Баткен облусу боюнча учурда 170 окуучу аралыктан окутууга тартылбай калды.
А.Алибеков, «Кут Билим»
Комментарийлер