JICA уюмунун ”Жаш лидерлер” программасынын алкагында билим берүүнүн көйгөйлөрү талкууланды

  • 30.10.2023
  • 0

13-25- октябрда JICA уюму тарабынан уюштурулган «Улуттук жана аймактык өнүктүрүү саясаты» кыска мөөнөттүү курсу Жапониянын Ишикава префектурасынын Канадзава шаарында өттү.

JICA уюмунун ”Жаш лидерлер” программасынын алкагында билим берүүнүн көйгөйлөрү талкууланды

JICA уюмунун эки апталык ”Жаш лидерлер” программасынын алкагында мектептеги билим берүү, башталгыч жана орто билим берүү жаатындагы маселелер, андагы орун алган көйгөйлөр тууралуу презентациялар, кызыктуу талкууларга алыскы жана жакынкы чет мамлекеттердин өкүлдөрү катышты.

Курстун катышуучулары үчүн өз өлкөсүндөгү билим берүү системасы, айрыкча мектептеги билим берүү тутуму тууралуу маалыматтарды кеңири бөлүшүүгө шарт түзүлдү. Иш-чара англис тилинде өтүп, тармактагы жаш адистерди бир жерге чогултуу максатында жер-жерлерде тандоо жүргүзүлгөн.

”Жаш лидерлер” программасынын алкагында Кыргызстандан өкүл катары КР Билим берүү жана илим министрлигинин Эл аралык кызматташуу жана инвестициялар бөлүмүнүн башкы адиси Нуржигит Мырзабеков, Кыргыз билим берүү академиясынын адиси Альбина Талантбекова жана Нарын мамлекеттик университетинин кызматкери Гүлнура Тукешова катышкан.

Белгилесек, Жапония PISA тестирлөөсүнө катышкан өлкөлөрдүн арасында Кытай, Сингапур жана Эстониядан кийин 4-орунда турат. Балдар мектепте 12 жылдык билим алып, мектепте келечек кесибине ылайык багытта билим алат. Инклюзивдик билим берүүгө мыкты шарттар түзүлгөн.

Иш-чара англис тилинде өтүп, тармактагы жаш адистерди бир жерге чогултуу максатында жай айларында тандоо жүргүзүлгөн. Кыска мөөнөтүү курста алган билими тууралуу ар бир катышуучу презентация жасап, тийиштүү сертификаттарга ээ болду.

Бөлүшүү

Комментарийлер