ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОМБУЛУККА ЖОЛ ЖОК
- 07.04.2020
- 0
Дүйнө өлкөлөрүндө коронавируска байланышкан карантинден улам үй-бүлөлүк зомбулук көрүнүштөрү күчөп баратканына эл аралык коомчулук тынчсызданууда.
БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериш үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүнүн зарылдыгын белгилеп, атайын билдирүү жасады.
— Адам үчүн эң коопсуз жер болуп келген анын үйү коронавируска байланышкан карантинден улам, эң кооптуу жайга айланды. Үй-бүлөлүк зомбулуктан көбүнчө аялдар, кыздар жапа чегүүдө, -деп айтты БУУнун баш катчысы.
Учурда коронавирус каптаган дүйнөнүн 202 мамлекетинде 2,5 млрд. адам карантин режиминде кармалууда. Коркунучтуу оорунун очогу болгон Кытайда карантин учурунда жубайлардын ажырашуусу 40%га өскөн.
А.Алибеков, «Кут Билим»
Бөлүшүү
Комментарийлер