ҮЙ-БҮЛӨ БААЛУУЛУКТАРЫН ДАҢАЗАЛОО АКЦИЯСЫ ӨТТҮ

  • 23.04.2020
  • 0

«Атам, апам жана мен — бактылуу үй-бүлөбүз» деп аталган саамалыкка он күндүн ичинде жалпы 200дөн ашык үй-бүлө катышты.

Катышуучулар карантин учурунда үй-бүлөсү эмне менен алектенип жатканын чакан видео түрүндө чагылдырышты. Мисалы, ден-соолукту чыңдоо көнүгүүлөрү, китеп окуу, огороддо эмгектенүү, ар түрдүү акыл оюндарын ойноо, тамак даярдоо.

Максаты — үй-бүлөлүк баалуулуктарды, баланын жашоосундагы үй-бүлөнүн ролун даңазалоо. Ошондой эле карантин маалында үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун жана балдар арасында суициддик маанайдын алдын алуу каралган.

Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн социалдык педагогдору бул акцияны ар бир үй-бүлөгө жеке мамиле кылуу менен позитивдүү нукта өткөрүштү.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер