ИЗДЕНҮҮЛӨР ЖАНА ТАБЫЛГАЛАР

  • 16.04.2021
  • 0

 Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу — анын мазмунундагы тынымсыз жаңыланууга көз каранды. Бул жаатта “Креатив-Таалим” билим берүү комплексинин педагогикалык жамааты ар дайым изденип, ошол табылгаларды практикада колдонуп келет.

ИЗДЕНҮҮЛӨР ЖАНА ТАБЫЛГАЛАР

Билим берүү комплексинин директорунун орун басары Жылдыз Сарыгулованын маалыматы боюнча, ошондой жаңылыктардын бири – “Педагогикалык турдун” өткөрүлүшү болду. Мында предметтик мугалимдер жекече жана интеграцияланган сабактарды өтүп, ал эми ага катышкан топтор бир нече мугалимдин сабагына катышуу менен, ар бир этаптагы мотивация, рефлексия, баалоо учурларына күбө боло алышты. Ошону менен бирге өздөрү үчүн ар бир мугалимдин сабакты берүүдөгү бай тажрыйбасы, чеберчилиги менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк алышты.  Натыйжада, турга катышкан топтор өздөрү көргөн эпизоддорду чогуу талкуулашып, ой-пикирлери менен бөлүшүштү жана методикалык куржунчага мазмундуу жана пайдалуу маалыматтарды топтоп, андан ары өз иш тажрыйбасында колдонууга мүмкүнчүлүк болду.

Изденүүлөр жана табылгалардын туру уланууда…

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер