Ийгилик жараткан жаш спортчулар
- 03.03.2025
- 0
Чүй облусуна караштуу Панфилов районунун Букара айылындагы Орозалы Текеев атындагы орто мектебинин окуучулары “STAR” карате-до клубу уюштурган турнирде ийгилик менен кайтышты.


Мелдешке барган окуучулардын арасынан Алыбеков Алинур 2-орунду, Үсөнөв Ырысбек 2-орунду, Молдогазиев Нурэл 4-орунду ээлеп, мектеп жаматын кубанычка бөлөштү.

Бул окуучуларга жана дене тарбия мугалими Эралиев Алымбекке мектеп директору Сариева Насикат ыраазычылык билдирип, мындан ары да спорттук мелдештерде ийгилик жарата берүүсүн каалады.