ИЙГИЛИК КОШТОГОН ЖЫЛ
- 25.06.2026
- 0
Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу Усуп Мурзакматов атындагы жалпы билим берүү мектебинин жамааты 2025-2026-окуу жылындагы чоң ийгилиги менен сыймыктанат.

Үстүбүздөгү окуу жылында мектептин бүтүрүүчүлөрү Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) ийгиликтүү катышып, 100%дык жетишкендикти көрсөтүштү.
Бул көрсөткүч — мугалимдердин талыбаган эмгегинин, окуучулардын терең билиминин жана ата-энелердин колдоосунун биргелешкен үзүрү. Билим уядан учкан ар бир бүтүрүүчүгө ак жол каалайбыз!
Г.А., “КБ”
Бөлүшүү
Комментарийлер