IV ТҮРК ФИЛЬМДЕРИ ЖУМАЛЫГЫ ОНЛАЙН ФОРМАТТА ӨТӨТ

  • 16.12.2020
  • 0

Түркия Республикасынын Маданият жана Туризм Министрлигинин алдындагы киноматография департаментинин колдоосу, Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги, Түркия Элчилиги Маданият жана Танытуу Кеңешчилигинин координациясы менен «Йерли Дүшүнже» ассоциациясы тарабынан уюштурулуп жаткан «IV Түрк Фильмдери Жумалыгы – Бишкек» жумалыгы 18-22-декабрь күндөрү дүйнөнү каптаган COVID-19 себебине байланыштуу интернет аркылуу он-лайн көрсөтүлөт. Иш-чара 18-декабрда,  Кыргызстан убактысы менен 18.00 дө (Түркия убактысы менен 15.00 дө) башталат.

Бул иш-чара алкагында Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын депутаты жана «Йерли Дүшүнже» ассоциациясынын президенти Метин Гүндогду, кино искусствосунун өкүлдөрү жана ЖМК өкүлдөрүнүн катышуусу менен 18-декабрда «IV Түрк Фильмдери Жумалыгы – Бишкек» саамалыгынын гала ачылышы www.turkfilmlerihaftasi.com дарегинен он-лайн көрсөтүү Мурат Пай режиссерлук кылган «Тилсиз» кинотасмасы менен башталат.

Кыргызстан жана Туркия боордош өлкөлөрүнүн ортосунда кинонун күчүнө негизделген дагы бир көпүрө курууну максат кылган түрк фильмдери жумалыгы кесипкөй режиссерлордун сыйлыкка татыган эмгектери менен бирге, кино сүйүүчүлөрүнүн көңүл борборунда болгон популярдуу кино тасмалары көрүүчүлөргө тартууланат. Ири масштабдагы уюшулган долбоор аркылуу түрк киносуна сереп салууга «панорамалык»  мүмкүнчүлүк жаратат.

18-22-декабрь күндөрү уюштурулуп жаткан «Түрк Фильмдери Жумалыгы – Бишкек» саамалыгында; «Тилсиз», «Кызымдай жыттанып жатасың», «Кумурска», «Энем» жана «Рафадан Тайфа» (анимациялык) фильмдери кино сүйүүчүлөргө акысыз көрсөтүлөт. Өзгөчө бул жумалыктын алкагында кино көрсөтүүлөрдөн кийин искусство адамдары менен көрүүчүлөрдүн ортосунда он-лайн жолугушуу жана  аңгемелешүү болот.

Кыргызстан-Бишкек «IV Түрк Фильмдери» жумалыгында Кыргыз тили субтитрлер менен төмөнкү фильмдер көрсөтүлөт:

* «Тилсиз» (95 мүнөт)

* «Кызымдай жыттанып жатасың» (96 мүнөт)

* «Энем» (109 мүнөт)

* «Кумурска» (116 мүнөт)

* «Рафадан Тайфа» (89 мүнөт)

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер