IT тармагындагы алгачкы PhD докторанттар илимий иштерин ийгиликтүү коргошту
- 30.06.2025
- 0
2025-жылдын 25-июнунда АЭУда тарыхый окуя болду – маалыматтык технологиялар тармагында алгачкы PhD-докторанттар өз диссертацияларын ийгиликтүү жакташты. Илимий иштерин PhD, аспирантура жана магистратура институтунун директору Бурул Шамбетова жана Эфиопиялык окутуучу Мекия Шигуте Гасо ийгиликтүү коргошуп, АЭУнун доктордук программасынын алгачкы бүтүрүүчүлөрү болушту.
Диссертацияларды коргоо онлайн-офлайн гибриддик форматта эксперттердин катышуусунда өттү. Иш-чарага IT тармагындагы таанымал адистер катышып, диссертациялардын жогорку академиялык деңгээлин жана бул окуянын университет үчүн маанилүүлүгүн белгилеп кетишти.
Диссертациялык комиссиянын төрагасы катары Нигериянын Абуджа шаарындагы Ниль университетинин PhD, доценти Каратаев Тологон катышты. Калыстардын курамына IT жана математика тармагындагы тажрыйбалуу адистер кирди:
- Жапаров Мейрамбек, PhD, доцент, илим боюнча проректор, Эл аралык Парагон университети (Пномпень ш., Камбоджа);
- Жусупкелдиев Шаршенбек, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент, Ж. Баласагын атындагы КУУнун Жасалма интеллект борборунун башкы адиси;
- Сабитов Баратбек, физика-математика илимдеринин доктору, Ж. Баласагын атындагы КУУнун Жасалма интеллект борборунун жетекчиси;
- Исаев Руслан, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент, АЭУнун Инженерия жана информатика факультетинин деканы;
- Ремудин Решид Мекурия, PhD, доцент, АЭУ.
Комиссия мүчөлөрү сунушталган иштердин жогорку илимий деңгээлин жана IT илиминин өнүгүшүнө кошкон салымын өзгөчө белгилешти.
PhD – бул жөн гана академиялык наам эмес, кесиптик жана илимий өсүштүн жаңы баскычы. Бул – көп жылдык эмгектин, терең изилдөөлөрдүн жана ачылыштарга болгон туруктуу кызыгуунун жыйынтыгы. Доктордук даража адамдын өз тармагындагы жогорку адистигин гана тастыктабастан, IT илимине жана индустриясына маанилүү салым кошот. Изилдөөчү көйгөй коюудан тартып, аны чечүүгө чейин толук жолду басып өтүп, жаңы багыттарды ачат, жаңы ыкмаларды иштеп чыгат жана башка изилдөөчүлөр уланта турган билимдерди жаратат. Бул изилдөөчүнүн өзү үчүн гана эмес, жалпы илимий коомчулук, коом жана технологиялык прогресс үчүн да чоң кадам.
Бурул Шамбетованын доктордук диссертациясы машиналык жана терең үйрөнүү ыкмаларын колдонуу аркылуу кыргыз тилиндеги кол жазманы таануу маселесине арналган. Анын айтымында, бул темага болгон кызыгуу кыргыз тилине багытталган технологияларды өнүктүрүүгө салым кошууга болгон умтулуудан жаралган:
“Биз көбүнчө санарип архивдердин жетишсиздигине же кыргыз тилиндеги кол жазмаларды таануу мүмкүн эместигине туш болобуз. Менин максатым – бул абалды өзгөртүү. Изилдөөмдүн жыйынтыктарын электрондук документ жүгүртүү системаларында, архивдерди санариптештирүүдө жана билим берүү платформаларын иштеп чыгууда колдонууга болот. Изилдөө – кыргыз тилин жасалма интеллект чөйрөсүндө башка тилдер менен тең салмакта көрсөтүүгө багытталган маанилүү кадам.
Негизги кыйынчылыктардын бири кыргыз жазмасынын өзгөчөлүктөрүнө ылайыкташтырылган датасеттердин жетишсиздиги жана бар болгон моделдерди адаптациялоо зарылдыгы болду. Мен компьютердик көрүү жана табигый тилди иштеп чыгуу багытындагы чет элдик адистер, ошондой эле биздин профессорлор менен кеңешип жаттым. Айрыкча, менин илимий жетекчим – физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Руслан Исаевге жана башка мени колдоп келген профессорлорго терең ыраазычылык билдиргим келет. Жетекчимдин колдоосу жана кеңештери өтө чоң роль ойноду. Илимий изилдөөнү жаңы баштаган жаштарга кыйынчылыктан коркпоңуздар, алдыга умтулуп, кыялдарыңызды ишке ашырыңыздар деп айткым келет”, – деп белгиледи Бурул Шамбетова.
Мекиа Шигуте Гасонун илимий изилдөөсү медициналык маалыматтарга машиналык жана терең үйрөнүү ыкмаларын колдонууга багытталган. Диссертациясынын алкагында ал кызыл өңгөч рагынын эрте стадияларын классификациялоо жана кант диабети менен жабыркаган бейтаптардын кайрадан ооруканага жаткыруусун алдын ала болжолдоо маселелери менен алектенген. Изилдөө чыныгы медициналык дайындар топтомдору негизинде жүргүзүлгөн. Мындан тышкары, ал адистерге жана саясат жүргүзүүчүлөргө маалыматтарды туура түшүнүүгө жана натыйжалуу пайдаланууга жардам бере турган визуалдык моделдерди иштеп чыккан:
“Изилдөөмдүн негизинде коомдук саламаттыкты сактоо тармагындагы эки негизги көйгөй турду – менин туулуп-өскөн аймагым Арсиде (Эфиопия) кызыл өңгөч рагынын көбөйүшү жана дүйнө жүзү боюнча кант диабети менен ооругандарды кайра ооруканага жаткыруу учурлары. Скринингдин жеткиликтүү куралдарынын жоктугу жана маалыматтардын татаалдыгы менин машиналык үйрөнүү жана визуалдаштыруу ыкмаларын колдонуума түрткү болду. Бул жыйынтыктарды дарыгерлердин практикасында жана калк менен иштөөдө колдонууга ылайык кылуу максатын көздөдүм.
Менин моделдерим ракты эрте баскычта скрининг кылганга жана жогорку тобокелде болгон бейтаптарды аныктоо аркылуу кайрадан ооруканага жаткыруулардын санын азайтууга жардам бере алат. Азыркы учурда Кыргызстандагы кардиология жаатындагы дарыгерлер менен кызматташып жатам жана рак тууралуу изилдөөлөрүмдү Борбордук Азия боюнча кеңейтүүнү пландап жатам. Бул инструменттер жана кызматташтык Эфиопияда да, Кыргызстанда да коомдук саламаттыкты сактоо стратегияларын бекемдөөгө багытталган.
Докторлук даражасын алуу учурунда мен изилдөөлөрүмдү таанымал эл аралык журналдарга жарыялап, дүйнөлүк академиялык коомчулуктун көңүлүн бурган эл аралык конференцияларда баяндама жасадым. Чет өлкөдө билим алуу бир эле учурда кызыктуу жана татаал болуп, маданий адаптацияны, академиялык иш менен үй-бүлөлүк турмушту айкалыштырууну талап кылды. Атам – менин эң чоң дем берүүчүм, анткени ал мага дайыма ишеним көрсөтүп келет, ага чоң рахмат айткым келет. Бул мен үчүн жөн гана диссертацияны жактоо эмес, маанилүү жеке жана кесиптик жетишкендигим”, – деп кошумчалады Мекиа Шигуте Гасо.
Бул тарыхый учур АЭУнун илимий жашоосунда жаңы баракты ачып, заманбап технологияларды колдонуу менен глобалдык чакырыктарды чече алган келечектеги изилдөөчүлөрдү даярдоого бекем негиз түздү.
Комментарийлер