IT АДИСТИКТЕРИ БОЮНЧА БУЛ АПТА ӨТҮЛҮҮЧҮ ВЕБИНАРЛАРДЫН ТИЗМЕСИ

  • 12.05.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги Жогорку технологиялар паркы менен биргеликте “EdTech — билим берүүдөгү жаңы реалдуулук” деп аталган вебинарлардын сериясын өткөрүп жатат.

Онлайн окутуулар билим берүүдөгү жаңы технологиялар менен таанышуу, бүтүрүүчүлөрдүн өлкөнүн ири компанияларына жумушка орношуусу жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу, кыска мөөнөттүү курстар жана университеттердин IT программалары боюнча маалымат берүүнү максаттайт.

Бул апта ичи өтүүчү вебинар, мастер-класстардын тизмеси жана катталуу шилтемелери:

IT тармагына кантип кошулса болот” вебиниары, 13-майда саат 17:00дө

Мектеп окуучуларына IT тармагындагы түрдүү багыттар боюнча маалымат берилет. Программист, дизайнер, тестирлөөчү, маркетолог, сатуучу болуу үчүн кандай көндүмдөр керектиги айтылат. Катышуучулар суроо бере алышат.

Катталуу үчүн шилтеме — https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSf_tmWnaeOuQ_fQBK2C26pERpqPGweTdkDfQozmZiPTEu13pA/viewform

 “Сайт түзүү жана анын иштөөсүн камсыздоо” мастер-классы, 14-майда саат 17:00дө

Александр Ивженко сайттын макетин түзүү, ага блокторду кошуужана сырткы сайттан жаңылыктарды кошууну үйрөтөт.

Катталуу үчүн шилтеме – https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLScWL9lyhyKrKry-8gvLe3ujIeYil-JuwIb69M8E9aAvtJMYXA/viewform

 “IT тармагындагы долбоор менеджменти” масстер-классы, 15-майда саат 15:00дө

Долбоордун кагаз иштерин кантип түзүү керек, кыска жана узак мөөнөттүү максаттарды аныктоо, долбоорду башкаруу тууралуу сөз болот. Ошондой эле катышуучулар долбоорлорду башкаруу үчүн Jira  программалык камсыздоосу менен таанышышат.

Катталуу үчүн шилтеме – https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSf9uy_aKEuqzcnrzUxZ_p_zp1Lb7uibgtLbb2CkiV8GDACk5g/viewform

 Flask жана формалар” мастер-классы, 15-майда саат 17:00дө

Катышуучуларга Python, Flask жана Ngrock технологияларын колдонуу менен веб-сайттарды түзүүнү үйрөтүшөт.

Катталуу үчүн шилтеме – https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSfptahHGkchMa9YMRWeYAwQEAtoMUHamO6GMcU8WrXQn_ZUnw/viewform

“Фреймворк Django жана БД” мастер-классы, 16-майда саат 15:00дө

Катышуучуларды Instagram, YouTube, Google, Mozilla сыяктуу ресурстарды түзүүдө Python программалоо тилине колдонулган эң популярдуу фреймворктордун бири – Django технологиясы менен тааныштырат.

Катталуу үчүн шилтеме – https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSfWpkaE3gGq1szYgI1Oszz8peDgFWDXxfv4M3saztzHTc1ujg/viewform

Бул иш чаралардын катары дагы толукталат. Бардык суроолор боюнча төмөндөгү электрондук дарекке кайрылсаңыздар болот: [email protected].

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер