ИСКУССТВО УНИВЕРСИТЕТИНДЕ «ГАРМОНИЯ» АТТУУ КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ ОКУУ КУРАЛЫ ТҮЗҮЛДҮ

  • 20.04.2020
  • 0

Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин доценти Тимур Саламатовдун музыкалык окуу жайлар үчүн гармония боюнча кыргыз тилинде жазып чыккан алгачкы окуу куралын окуу жайдын эмгек жамааты онлайн талкуулады. 

ИСКУССТВО УНИВЕРСИТЕТИНДЕ "ГАРМОНИЯ" АТТУУ КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ ОКУУ КУРАЛЫ ТҮЗҮЛДҮ

КР Маданиятына эмгек сиӊирген ишмер, композитор, музыка таануучу Саламатов Тимурдун китеби «Гармония» деп аталат.  Талкууда бул окуу куралы өзүнүн багыты боюнча кыргыз тилинде жазылган эң биринчи эмгек экени, ал университет үчүн эле эмес, Кыргыз Республикасындагы бардык музыкалык окуу жайларга өтө зарыл экендиги, аны жайылтуу менен мамлекеттик тилге зор салым кошулары баса белгиленди. Отурумдун соңунда эмгекти окуу жайдын Окумуштуулар кеңешинин талкуусуна сунуштоо чечими кабыл алынды.

Бөлүшүү

Комментарийлер