ИСКУССТВО УНИВЕРСИТЕТИ АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН ОНЛАЙН ЖЫЙЫН ӨТКӨРДҮ

  • 20.04.2020
  • 0

Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин социалдык-маданий ишмердиги факультети ата-энелер менен онлайн отурум өткөрдү.

ИСКУССТВО УНИВЕРСИТЕТИ АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН ОНЛАЙН ЖЫЙЫН ӨТКӨРДҮ

Коопсуздук кеңешинин чечиминин негизинде жарыяланган Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковдун буйругунун аткарылышын көзөмөлдөө жана Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору Мамашарип Чотоновдун кайрылуусун колдоо максатында окуу жайдын социалдык-маданий ишмердиги факультетинин деканы ата-энелердин онлайн отурумун өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде ректорат жана окуу бөлүмүнүн башчысы катышкан факультеттин онлайн чогулушунда декан Нурзат Келдибекова кабарлады.

Маалым болгондой, онлайн отурумда декан студенттердин сабактарга катышуусун тыкыр көзөмөлдөө, сабактарын үзгүлтүккө учуратпоо, интернет менен камсыздап, жакшы шарт түзүп берүү өтүнүчү менен ата-энелерге кайрылды. Ошол эле учурда катышкан ата-энелер да окуу жайдын жетекчилигине ыраазычылык билдирип, балдарынын билим алуусуна алар да кызыкдар экенин, болушунча шарттарды түзүп берүүгө аракет көрүп жатышкандыктарын айтышты. Ошондой эле кандайдыр бир себептер менен бүгүнкү отурумга катыша албай калган ата-энелерге да айтылган маалыматтарды, өтүнүчтөрдү жеткирип коюшарын маалымдашты.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер