ИСКЕНДЕР ЧОҢМУРУНОВИЧ ИСАМИДИНОВ. Некролог.

  • 18.11.2022
  • 0

Педагогика илимдеринин доктору, профессор Исамидинов Искендер Чоңмурунович 17-ноябрда дүйнөдөн кайтты.

ИСКЕНДЕР ЧОҢМУРУНОВИЧ ИСАМИДИНОВ. Некролог.

Искендер Исамидинов 1952-жылы 20-январда Кегети айылында жарыкка келген.

Эмгек жолун 1973-1974-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетиндеги филология факультетинин кыргыз тил жана адабиятын окутуу методикасы кафедрасынын окутуучусуу болуп баштап, Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетинин Адистерди максаттуу даярдоо борборунун директору, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университеттин биринчи проректору, ректору болгон, Бишкек шаардык кеңештин депутаты болуп шайланган.

Искендер Исамидинов ондогон илимий эмгектерди, окуу китептерин жана методикалык басылмаларды жарыялаган.

«Кут Билим» медиа борборунун жалпы жамааты Искендер Исамидиновдун туугандары жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат!

Бөлүшүү

Комментарийлер