ИСИТО БИРИНЧИ БОЛУП ОНЛАЙН РЕЖИМИНДЕ АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТТҮ

  • 16.04.2020
  • 0

Билим берүүдөгү заманбап маалыматтык технологиялар институту коронавирус пандемиясынын жайылышынан мамлекетте түзүлгөн кырдаалдан улам жогорку кесиптик билим берүү программасынын педагогика жана башталгыч билим берүү педагогикасы, методикасы багыттары боюнча аккредитациядан онлайн режиминде өттү.

ИСИТО БИРИНЧИ БОЛУП ОНЛАЙН РЕЖИМИНДЕ  АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТТҮ

 

Аккредитациядан өтүү күнү буга чейин эле 9-10-апрелге Билим берүү жана илим министрлиги менен “Сапаттуу Билим” аккредиттөө агенттиги тарабынан бекитилген. Ишти үзгүлтүккө учуратпоо максатында институт менен аккредитттө агенттиги аралыктан өткөрүү чечимин кабыл алышып, ZOOM платформасы менен эки күн иштешти. Комиссия курамы окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулары, кызматкерлери, студенттери жана иш берүүчүлөрү менен алдын ала түзүлгөн жүгүртмөгө ылайык байланышка чыгып, маектешип, керектүү маалыматтарды алып жатышты.

ИСИТО БИРИНЧИ БОЛУП ОНЛАЙН РЕЖИМИНДЕ  АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТТҮ

Эки күндүк иш-аракеттин баардыгы ZOOM платформасында жана видеокамерага тартылды. Натыйжада, ББЗМТИ талапка жооп берген материалдык-техникалык базасы, сапаттуу профессордук-окутуучулук курамы, методикалык жактан камсыздалган  китепканасы бар билим берүүчү мекеме катары өзүнүн мүмкүнчүлүгүн тастыктай алды.

ИСИТО БИРИНЧИ БОЛУП ОНЛАЙН РЕЖИМИНДЕ  АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТТҮ

Окуу жайдын ректору, профессор Борис Кубаев «Сапаттуу Билим» агенттигине Кыргызстанда биринчи жолу аккредитацияны аралыктан өткөрүү тажрыйбасын ийгиликтүү жүргүзгөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдирди.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер