ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ МЕНЕН ӨЗГӨЧӨЛӨНГӨН ЖАРАНДАР МАМЛЕКЕТТИК СЫЙЛЫКТАР МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ

  • 02.04.2021
  • 0

Бүгүн Президент Садыр Жапаров ишмердүүлүгү менен өзгөчөлөнгөн өлкө жарандарына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо тууралуу Жарлыкка 2020-жылдын август айында кол коюлган.

Сыйлык алгандардын арасында агартуу тармагынын бир топ кызматкерлери да бар. I даражадагы “Манас” ордени менен И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын госпиталдык педиатрия кафедрасынын башчысы, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги Кудаяров Дүйшө сыйланса,  “Даңк” медалын Кара-Суу балдар-өспүрүмдөр  спорттук мектебинин эркин күрөш боюнча машыктыруучусу Рахимов Ахмаджон жана И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин  илимий иштер жана тышкы байланыштар боюнча проректору Султаналиева Рая алды.

ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ МЕНЕН ӨЗГӨЧӨЛӨНГӨН ЖАРАНДАР МАМЛЕКЕТТИК СЫЙЛЫКТАР МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ

Рая Султаналиева Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, физика-математика илимдеринин доктору, профессор. Ал Кыргызстандын билим берүү тармагында мыкты илимпоз-окутуучу, уюштуруучу, насаатчы катары таанымал. Кыргыз кыздарынын ичинен биринчи болуп «Деформацияланган катуу телолордун механикасы» адистиги боюнча физика-математика илимдеринин доктору болгон. Учурда Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин илимий иштери боюнча проректору, илимге умтулган бир нече жаштардын насаатчысы.

“Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу” ардак наамына татыган Кыргыз билим берүү академиясынын башкы илимий кызматкери, жазуучу  Советбек Байгазиевди болсо агартуу тармагында тааныбаган адам жок. Ал “Кут Билим” газетасынын туруктуу автору катары көп жылдан бери жамаат менен тыгыз иштешип келет. Биз билгенден, агайдын салттык, нравалык-маданияттык, кайталангыс баалуулуктарды сактоого жана өнүктүрүүгө, гуманизмдин, демократиянын жана жаш муундун руханий-дене тарбиялык таалиминин принциптерин бекемдөө багытындагы жазган эмгектери билим берүү тармагында эмгектенген окумуштуулар, өзгөчө мугалимдер үчүн табылгыс кенч. Агай 50дөн ашык илимий, илимий-публицистикалык, педагогикалык, адабият таануу, этика, поэзия, проза багытындагы китептерге жана окуу китептерине, окуу программаларына, окуу колдонмолоруна автор экенин билебиз. Ошондой эле ал ар түркүн проблемаларга арналган 300дөн ашык макалалардын  да автору. Филология илимдеринин доктору, профессор, «Ага илимий кызматкер» илимий наам-даражалардын ээси. Россиянын Эл аралык педагогикалык жана социалдык илимдер академиясынын анык мүчөсү.

ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ МЕНЕН ӨЗГӨЧӨЛӨНГӨН ЖАРАНДАР МАМЛЕКЕТТИК СЫЙЛЫКТАР МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ

Мамлекеттик сыйлык алгандардын арасында “Кут Билим” гезитинин башкы редактору Кубатбек Чекиров да бар экени бизди абдан кубандырат. Ал Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды. Кубат Асангазиевич республикалык жападан жалгыз эң абройлуу жана интеллектуалдык, агартуучулук гезитти көп жылдан бери жетектеп келе жатат. Кыргызстандын тээ алыскы булуң-бурчтарындагы алдыңкы чыгармачыл мугалимдердин тажрыйбалары, ой-толгоолору гезит бетине жарыяланышы мугалимдерге чоң моралдык колдоо экени айтпаса деле түшүнүктүү. Ал жетектеген гезит учурда заманбап мугалимдин жарчысына айланды. Башкы редактор катары ал дайыма түз жүргөнү, калыстыгынан тайбаганы, окурмандарга  реалдуу мамиле жасагандыгы гезит беттеринде көрүнүп турат. Аны коомчулук — устат, агартуучу, эл аралык деңгээлдеги журналист катары жакшы тааныйт. Кыргыз журналисткасындагы жаңычылдыкты, эл аралык стандарттарды биринчилерден болуп киргизген журналисттердин сап башында турат. Көптөгөн жаш журналисттердин дасыккан окутуучусу, устаты.  Коомду жакшылыкка багыттаган макалаларды жаратып, кыргыз журналистикасынын өнүгүшүнө өз салымын кошкон белдүү калемгер. Анын  эмгектери жерде калган жок, коомчулук менен Өкмөттүн бир катар баалуу сыйлыктарына  татыктуу болду. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланганы – дагы бир жолу анын ак эмгегинин акыбети. Кубат Асангазиевичти жана баардык сыйлык ээлерин алган сыйлыгы менен куттуктап, иштерине ийгилик, бекем ден соолук жана агартуу тармагына дагы да эмгегин сиңире беришине тилектеш экендигибизди билдиребиз.

ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ МЕНЕН ӨЗГӨЧӨЛӨНГӨН ЖАРАНДАР МАМЛЕКЕТТИК СЫЙЛЫКТАР МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ

 

“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими” деген ардак наамын алгандар:

Асанкадырова Гулумкан Асанкадыровна, Бишкек шаарынын А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин башталгыч класстарынын мугалими; Аттокурова Урниса, Чүй облусунун Чүй районундагы А. Жансеитов атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими; Бапышова Нуржамал, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы И. Умаров атындагы
№ 9 орто мектебинин тарых мугалими; Байматов Нуркалый, Бишкек шаарындагы А. Каниметов атындагы № 1 гимназия-интернатынын директору; Джунушева Чолпон Мелсбековна, Бишкек шаарындагы № 70 мектеп-гимназиясынын окуу-тарбиялоо комплексинин директору; Жаңыбаева Гүлжамал Акуновна, Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ж. Ашымов атындагы  № 20 Арал жалпы орто билим берүү мектебинин директору; Селезнева Елена Борисовна, Бишкек шаарындагы № 26 француз тилин тереңдетип окутуучу гимназия-комплексинин директору.

 

 

“Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер” деген ардак наамына ээ болгондор:

Ситоленко Андрей Владимирович, Бишкек шаарынын И.В. Гёте атындагы № 23 окуу-тарбиялоо гимназия-комплексинин директору; Иметов Букарбай, Ош мамлекеттик университетинин музыкалык тарбиялоо усулу, теориясы жана хорго дирижерлук кылуу кафедрасынын профессору; Шакеева Чынара Асановна, Кыргыз-Россия билим берүү академиясынын ректору; Молдобаев Жусуп Шералиевич, Ош облусунун Ноокат шаарындагы
А. Абдуваитов атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими; Халилов Абдыганы Дарманбекович, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинин мезгилдүү басма сөз кафедрасынын доценти; Момуналиев Сатканбай, Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин филологиялык билим берүү технологиялары кафедрасынын башчысы; Эсенкулов Нурмамат Жокенович, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин проректору.

Бөлүшүү

Комментарийлер