ИШКЕРДИККЕ ОКУТУУ БОЮНЧА УЛУТТУК КОНЦЕПЦИЯ ПРЕЗЕНТАЦИЯЛАНДЫ

  • 11.12.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинде орто кесиптик техникалык билим берүү жана окутуу системасында Ишкердикке окутуу боюнча улуттук концепция жана аны ишке ашыруунун болжолдуу планы онлайн презентацияланды.

Аталган документ, ошондой эле ишкердикке окутуу боюнча окуу куралы жана колледждердин деңгээлдериндеги окутуучулар үчүн колдонмо Билим берүү жана илим министрлигинин “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” (СӨПИӨК) долбоорунун алкагында иштелип чыкты.

Билим берүү жана илим министрлигинин, колледждин өкүлдөрү, ошондой эле кесиптик техникалык билим берүү жана окутуу секторун реформалоо жаатында иш алып барган улуттук жана эл аралык эксперттер колдонуудагы концепцияны жана анын негизги элементтерин, системалык деңгээлде жана колледждин деңгээлинде улуттук концепцияны ишке ашыруу боюнча көйгөйлөрдү жана керектөөлөрдү талкуулашты, ошондой эле концепцияны андан ары жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгышты.

Аталган чогулуштун жүрүшүндө алынган сунуштар улуттук концепциянын акыркы версиясына интеграцияланат.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер