ИШКЕРДИККЕ КЫЗЫККАН ЖАРАНДАРДЫ АКЫСЫЗ ОКУТУУДА

  • 16.02.2024
  • 0

ОшМУнун Бизнес жана менеджмент факультети менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Ош шаардык социалдык камсыздоо бөлүмү жана Кыргызстандагы GIZ уюму менен биргеликте Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында жашаган социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, жөлөк пул алган жарандарга бизнес баштоо жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча окутууларды өткөрүүнү баштады.

ИШКЕРДИККЕ КЫЗЫККАН ЖАРАНДАРДЫ АКЫСЫЗ ОКУТУУДА

Аталган факультеттин деканы Тимур Исраиловдун айтымында, учурда окутууга 20дан ашуун жаран катышып жатат. Алар бир ай ичи бизнес баштоо жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча билим алып, бизнес долбоорлорун даярдап, сунушташат.

  • Факультеттин беш мугалими катышуучуларды топторго бөлүп алып, долбоор даярдоо боюнча ар бири менен жекече иштерди алып барат. Жыйынтыгында, даярдалган бизнес долбоорлор Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине, донорлорго сунушталат. Даярдалган долбоорлор мамлекет тарабынан 100000 кайтарымсыз акча каражатын (3-жылдык жөлөк пул төлөбөө шарты менен) алуу мүмкүнчүлүгүнө да ээ болот, — дейт.

2023-жылы окуутуудан өтүп, мыкты долбоорлорду сунуштаган  10 катышуучуга мамлекет тарабынан 100 000 сомдон кайтарымсыз акча каражаты берилген.

ИШКЕРДИККЕ КЫЗЫККАН ЖАРАНДАРДЫ АКЫСЫЗ ОКУТУУДА

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен 2022-жылы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу максатында, 2800 үй-бүлөгө 100 000 сомдон кайтарымсыз акча каражаты берилсе, 2023-жылы 10 миң үй-бүлөгө берилген.  Берилген каражат чакан ишкерчилик менен алектенүүгө, эмгек кылууга шыктандырат.

Тренинг 2022-жылдан бери жылына эки жолу Бизнес жана менеджмент факультети тарабынан акысыз уюштурулуп келет.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер