ИШКЕР АЙЫМДЫН БЕЛЕГИ

  • 23.01.2020
  • 0

Жеке ишкер Базаргүл Анарбаева Өзгөн районундагы Прогресс айылынын кичинекей бөбөктөрүнө 150 орунга ылайыкташкан эки кабаттуу бала бакча куруп берди. Бул тууралуу КР Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Кымбат-Ай» бала бакчасынын курулушуна 13 млн сом жумшалып, анын ачылышына КР Өкмөтүнүн Оштогу ыйгарым укуктуу өкүлү У.Жылкыбаев жана башка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Жаңы курулган бала бакчага учурда 80 бала барып жатат. Калган орундар орус тилинде мектепке чейинки даярдоо курсу үчүн каралган.

Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылында айылына кошкон салымы деп бааланган бул жакшы жөрөлгөнүн демилгечиси келечекте билим берүү мекемесин ачууну да пландап жатканын билдирди.

А.Кашыбаева,

«Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер