ИШЕНИМГЕ ЖАРАША ЖООПКЕРЧИЛИК

  • 11.02.2022
  • 0

Кечээ жакында Билим берүү жана илим министринин  жаңы орун басары болуп ЖАЙНАКОВА Гүлнур Бердибаевна дайындалды. Кесиптик жогорку жана орто билим берүү тармагындагы реформаларды жүргүзүү дал ушул тармакта лидер, жетекчи катары бардык тепкичтерди басып өткөн кадрдын келгени туура болду дешет аны мурдатан тааныгандар.

Гүлнур Жайнакова биринчи адистиги боюнча магистр менеджер, экинчиси боюнча экономист-башкаруучу, анан агроном – айыл чарба илимдеринин кандидаты, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде окутуучу методист, ушул окуу жайга караштуу колледждин директорунун орун басары, директору болуп, анан «Ала-Тоо» эл аралык университетинин түзүмдүк ар кайсы бөлүмдөрүн жетектеп такшалган лидер болуп бышып жетилди.

ИШЕНИМГЕ ЖАРАША ЖООПКЕРЧИЛИК

Министрликтин кесиптик билим берүү башкармалыгында да адис катары иштеген, демек, азыркы кызматына тиешелүү маселелерди ичкериден терең билет.

Мына эми Гүлнур Бердибаевнага башка деңгээлде ишеним көрсөтүлдү.

«Колунан келет, ишенимди актайт!» — дейт кесиптештери. Акыйкатта, Гүлнур Бердибаевна жогоруда баса белгилегенибиздей агартуу тармагынын коен жатагына чейин билген адис. Чыныгы кесипкөй, жигердүү окумуштуунун аталган министрликке келишин биз да кубануу менен кабыл алдык.

Урматтуу Гүлнур Бердибаевна, кызматтык жаңы ордуңуз кут болсун! Ишиңизге ийгилик каалайбыз!

«Кут Билим» газетасы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер