ИШЕНИМ КӨКТӨГӨН ЖЕРДЕ ИНВЕСТОР ДА, ЭЛ ДА ӨНҮГӨТ

  • 30.11.2018
  • 0

Касиеттүү кыргыз жеринин үстү да байлык, асты да байлык демекчи, ошол кен байлыктарын сарамжал жана эффективдүү пайдалануу —өлкөнү өнүктүрүүнүн  келечектүү жолдорунун бири. Кыргызстандын кен байлыктарын иштетүүгө келген инвестордун жергиликтүү эл менен тил табышып, анын экономикалык потенциалын көбөйтүп, социалдык маселелерин чечүүнү көздөгөн  өрнөктүү тажрыйбасын Нарын районундагы Мин-Булак жана Эмгекчил айылдарынан көрүүгө болот.

ИШЕНИМ КӨКТӨГӨН ЖЕРДЕ ИНВЕСТОР ДА, ЭЛ ДА ӨНҮГӨТ

Куйбышев айылындагы Актан Тыныбеков атындагы орто мектептин эки корпусунун чатыры бүт бойдон «Чжун Дьжи Майнинг компани» кытай-кыргыз ишканасынын каржылык көмөгү менен жаңыртылды.

Аталган эки айыл округуна тийиштүү Солтон-Сары алтын кениндеги Бучук участкасына «Чжун Дьжи Майнинг компани» кытай-кыргыз ишканасы келгенине төрт жыл болду. Компания азыр геологиялык чалгындоо иштерин ийгиликтүү аяктап, кен казуу иштерин баштоого даярдык көрүүдө. Азыркы учурда кен чыккан жерде өндүрүштүк инфраструктураны куруу иштери пландалууда.

Кытай ишканасы келген күндөн тартып, жергиликтүү муктаждыктардычечүүгө көмөктөшүп, элдин колдоосун алууга аракет кылды. Геологиялык чалгындоо иштери жүрүп жаткан убакта социалдык пакетти аткаруу милдеттүү эмес болсо да,компания эки айылдын социалдык-экономикалык маселелерин чечүүгө каралашпай кое албады. 2015-2018-жылдар ичинде эки айылга жалпысынан 40 миллион сом суммасында социалдык колдоо көрсөттү. Бул суммага айыл чарба техникалары сатылып алынды, мектеп менен бала бакчалар ремонттолду, айдоо аянттарына суу тартылууда, каналдар ондолууда, башка дагы социалдык-маданий иш чараларга каржылык жардам алынды.

 

ИШЕНИМ КӨКТӨГӨН ЖЕРДЕ ИНВЕСТОР ДА, ЭЛ ДА ӨНҮГӨТ

ИШЕНИМ КӨКТӨГӨН ЖЕРДЕ ИНВЕСТОР ДА, ЭЛ ДА ӨНҮГӨТ

Мин-Булак айылындагы жаңы курулуп бүткөн Т. Байсалов атындагы орто мектептин ички жасалгасы, компьютердик класс жана башка жабдууларына кытай компаниясы жардам берди.

 Мин-Булак жана Эмгекчил айылдары совет доорунда өнүккөн чарбалардын катарында болчу. Эгемендик жылдары колхоз-совхоздор жоюлуп, майда менчик чарбаларга таркаганда бул айылдар базар экономикасына көнө албай көп кыйынчылык көрдү, мурда жыйнаган экономикалык потенциалынын көбүнжоготуп алган. Соңку жылдарда дыйкан чарбалары кайрадан мал курап  көбөйтүп, айылдагы инфраструктураны оңдоп жаңыртып, элдин жашоо деңгээли акырындап көтөрүлө баштады. Ошондой өнүгүү жолундагы орчундуу долбоорлорго биринчи кезекте “Чжун Дьжи Майнинг” компаниясы чоң салым кошту.

Эгерде инвестор элдин муктаждыктарын чечүүгө реалдуу салымын кошпогондо жергиликтүү эл бул компанияны иштетмек эмес. Инвестордун ишине тоскоолдук болбосо, андан түшкөн пайдадан өзүнүн турмушу да жакшыра турганына элдин көзү жетип калган үчүн бул компанияга Бучук кенин иштетүүгө жалпы элдик жыйында макулдук беришти.

Албетте, элди биринчи кезекте ойлонткон маселе — экология. Анткени элдин карманган байлыгы болгон төрт түлүк малы дал ошол алтын кени чыккан Солтон-Сары сыяктуу бетегелүү жайлоолордо багып өстүрүлөт.  Ошондуктан элдин талабы мамлекеттик тийиштүү уюмдар тарабынан чет элдик компаниялардын ишине катуу көзөмөл жүргүзүү жөнүндө болуп жатат. Кытай компаниясы да өз кезегинде экологиялык таза, заманбап жаңы технологиялар менен гана иштей турганын айтып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарында Нарын областы, Нарын району уюштурган иш чараларга, Эмгекчил жана Мин-Булак айылындагы ар кандай социалдык-маданий иш чараларга колдоо көрсөттү. Ошондуктан эл менен эриш-аркак мамиле күтүп, ишенимине кирүү,  өзү да өнүгүп, элди да жыргатуу менен бөлөк-бөтөн деген мамиледен арылып, жергиликтүү компанияга айлануу – анын стратегиялык максаты.

ИШЕНИМ КӨКТӨГӨН ЖЕРДЕ ИНВЕСТОР ДА, ЭЛ ДА ӨНҮГӨТ

Кара-Кужур кыштоосундагы малчылардын жүзгө жакын балдарын мектепке алып барып келе турган эки микроавтобусту инвестор компания сатып берди.

 Чынында эле компаниянын жергиликтүү элге жасай турган жакшылыктары али алдыда. Келечектеги жылдары кен казуу иштери башталганда көп жумушчу орундар түзүлөт,  жумушчулар биринчи кезекте ушул эки айылдан алынат.Жергиликтүү бюджетке түшкөн салыктын көлөмү бир нечеге көбөйөт. Ошондой эле компания өндүрүш ишин баштагандан кийин жергиликтүү элге социалдык пакет каралат. Ошондо бул айылдарга эскирген мектеп же оорукананын ордуна жаңысын курганга, медициналык же спорттук объектилерди салганга, балдарды окутууга, колунда жок үй-бүлөлөрдү күчтүүрөк жөлөп-таяганга жакшы мүмкүнчүлүктөр болот.

«Чжун Дьжи Майнинг компани» геологиялык чалгындоо иштерине эки жарым миллион АКШ долларын жумшады. Эми алтын ылгоочу фабрика жана башка инфраструктуралык курулуштарга 90 миллион доллар инвестиция кылууну пландаштырууда. Курулуш иштери тийиштүү мамлекеттик экспертизалар жасалып, мыйзамдуу уруксат берилгенден кийин башталмакчы.

Компания Кыргызстанда ишин баштагандан бери өзүнө коюлган милдеттерди мыйзам чегинде жазбай аткарып иш алып барууда. 2015-жылдан бери төлөгөн салыктардын суммасы эле 185 млн сомдон ашты.

Касым Токоев

Бөлүшүү

Комментарийлер