ИШЕНАЛЫ АРАБАЕВГА АРНАЛГАН ТАСМА ЖАРЫК КӨРДҮ

  • 22.12.2022
  • 0

21-декабрда Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети алгачкы агартуучу жана коомдук ишмер Ишеналы Арабаевдин 140 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чаранын алкагында агартуучуга арналган эмгектердин бет ачары болду.   

ИШЕНАЛЫ АРАБАЕВГА АРНАЛГАН ТАСМА ЖАРЫК КӨРДҮ

 

Иш-чаранын жүрүшүндө Ишеналы Арабаевдин агартуучулук, коомдук-саясий ишмердүүлүгүнө арналган 5 томдуктун, «Ишеналы Арабаев жана анын доору», «Эки доор инсаны – Эшенаалы Арабаев», «Ишеналы Арабаев – Кербен китеп», «Эшенаалы Арабаев жана Тоолуу Кыргыз облусу»  китептеринин презентациясы орун алды. Аталган китептин авторлору сөз сүйлөп, басылып чыккан эмгектердин мазмуну тууралуу кеңири маалымат берди. Андан соң Төлөмүш Океев атындагы Улуттук «Кыргызфильм» киностудиясы менен Кыргыз мамлекеттик университети тарабынан тартылган XX кылымдын илимпоз-агартуучусу Ишеналы Арабаевге арналган даректүү-публицистикалык фильмдин бет ачары болуп өттү.

 

                                                                                                                       Айгерим Токтобаева “КУТ БИЛИМ”

Бөлүшүү

Комментарийлер