ИШЕМБИЛИКТЕ ЧҮЙ МЕКТЕП-ИНТЕРНАТЫНА 62 ТҮП КӨЧӨТ ТИГИЛДИ

  • 06.04.2024
  • 0
Билим берүү жана илим министрлигинин мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери 62 түп ( 20 алма, 20 шабдаалы, 10 алмурут, 7 кара өрүк жана 5 абрикос) көчөттөрүн Токмок шаарындагы Жетим балдар жана ата-энелеринен кароосуз калган Чүй мектеп-интернатына отургузушту.
Көчөт отургузуу иш-чарасы республикалык деңгээлде билим берүү уюмдарынын жана административдик мекемелердин аймактарына көчөт отургузуу, жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана арыктарды тазалоо боюнча тазалык кампаниясынын алкагында өткөрүлдү.
Бөлүшүү

Комментарийлер