ИШ БИЛГИ ДИРЕКТОР ЖЕТЕКТЕГЕН ЭЛЕТ МЕКТЕБИ

  • 17.12.2019
  • 0

Француз императору Наполеон Бонапарт да өз учурунда «Империя тагдыры мугалимге байланыштуу» деп жөн жерден белгилеп кетпесе керек. Мына ошондой мугалимдер эмгектенген билим уясы, Кочкор районундагы 1975-жылы курулган  Сатаркул Исмаилов атындагы орто мектеби кыргыздын чыгаан уулдарынын бири Баялы Исакеевдин айылында орун алган.

ИШ БИЛГИ ДИРЕКТОР ЖЕТЕКТЕГЕН ЭЛЕТ МЕКТЕБИ

  • Сатаркул Исмаилов атындагы типтүү, эки кабаттуу мектеп ата-энелер, коомчулук менен тыгыз байланышта иштөө менен азыркы коомдо натыйжалуу иштөөгө жөндөмдүү, жашоодо өз ордун таба билген, ар тараптан өнүккөн инсанды тарбиялоого багытталган мектептердин бири.  Мектеп эки кабаттуу  320 окуучуга ылайыкталган, 16 класс комплекти, окутуу эки нөөмөттө жүргүзүлөт.  Ашкана жана спорт залы бар типтүү имарат. Мектепте  китепкана, атайын окуучуларга билим жана тарбия берүү максатында залдар түзүлгөн. Азыркы мезгилде 321 окуучу окуп, тарбияланып  жатат. Аларга тарбия берип эмгектенип жаткан 30 мугалимдин алтоосу билим берүүнүн мыктылары,  сегиз  мугалим  Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасынын ээлери,  Нарын облустук усулдук борбордун Ардак грамотасы 19 мугалим, бир мугалим «Кочкор районунун ардактуу атуулу», эки мугалим «Кочкор айылынын  ардактуу атуулу», — дейт Ак-Чий орто мектебинин директору Дайырбек Айдарбеков.
  • ИШ БИЛГИ ДИРЕКТОР ЖЕТЕКТЕГЕН ЭЛЕТ МЕКТЕБИ

Маалыматка таянсак, мектеп директору Кадыркулов Эшмуканбеттин иш билги жөндөмдүүлүгү менен мектеп алды көрктүү жасалгаланып, Улуу ата мекендик согуштун катышуучуларына   арналган эстелик монументи, коомдук ишмер Баялы Исакеевдин айкели орнотулган. Мындан сырткары Жеӊиш багы, эки спорттук аянтча, атайын отургучтар коюлган окуучулар эс алуучу жайлар бар.

 

  • Мектепти 2011-жылдан бери Кадыркулов Эшмуканбет агай жетектеп келет. Мыкты жетекчинин иш демилгеси аркылуу мектептин окуучуларынын билим сапаты жогорулап, билим берүү мекемелерин аккредитациялоодо 74% билим сапатына жетишти. Андыктан ааламдашуу доорундагы мектеп жана билим берүү көптөгөн жаӊычылдыкты жаратуудан, талыкпаган эмгектен тураары талашсыз кеп. Мына ушул жаатта С.Исмаилов атындагы орто мектеби райондогу инновациялык мектептердин катарына кирип, торчого кирген мектептер менен тыгыз байланышта иш алып барууда. Мектептин математика мугалими Калчаева Ф.  10-класска «Ыктымалдуулук теориясы жана комбинаториканын маселелери» деген темадада инновациялык торчого кирген мектептердин мугалимдерине үлгүлүү ачык сабагын көрсөтө алды, — дейт Д.Айдарбеков.

Мектеп ийгиликтери

ИШ БИЛГИ ДИРЕКТОР ЖЕТЕКТЕГЕН ЭЛЕТ МЕКТЕБИ

2018-2019-окуу жылында 11-класстын окуучусу Асанбеков Улан облуста өткөрүлгөн олимпиадада тарых предмети боюнча катышып, байгелүү орунду алып  келди. «Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү»  жылынын алкагында өткөрүлгөн «Акыл сааты» интеллектуалдык оюнунда тапкычтык, ойчулдук, өзгөчөлөнгөн билим деӊгээли менен 10-класстын окуучулары Бекишова Таазим, Алиева Айпери, 11-класстын окуучулары Асанбеков Улан, Арунова Айзирек, Жолдошбекова Бегимай катышкан  «Ак шумкар» командасы 32 мектептин ичнен ӀӀӀ орунду камсыз кылышты.

Өткөн окуу жылынын аягында жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен 11-класстын окуучулары Арунова Айзирек 191 балл, Асанбеков Улан 166 балл топтой алышты, жалпы мектеп бонча ЖРТнын жыйынтыгы 62% түздү. 11-класстын бүтүрүүчүсү Арунова Айзирек бүтүрүүчүлөрдүн арасында Кылыч Исамамбетов атындагы  «Алтын Феникс» наамын жана стипендиясын  жеңип алды.  Мектептин 6-классынын окуучусу Алыпбек уулу Урмат, 8-классынын окуучусу Чилдеев Нурбол, 9-классынын окуучусу Карагулов Байэл бокс боюнча өткөрүлгөн республикалык турнирге катышып, 1-2-орундарга татыктуу болушту.

Мындан сырткары башталгыч класстардын мугалимдери «Келгиле, окуйбуз!» долбоорунун алкагында тынымсыз иш алып барышып, «Китеп – биздин досубуз» деген темада өткөрүлгөн китеп фестивалына  мыкты даярдыктар менен катышып келишти.

Мектепте окуу-тарбия процессин жакшыртууга багытталган,  мектеп директорунун демилгеси менен 2019-2020-окуу жылынын сентябрь айында  «Энелер мектеби» түзүлдү. Мектеп директору Эшмуканбет Кадыркулов, окуу бөлүмүнүн башчысы Асель Бостонкулова «Энелер мектебинин» жобосу, аны түзүүнүн максаты, мааниси  менен тааныштырышса,  математика мугалимдери Ф.Калчаева, Ж.Зарлыкова, кыргыз тили мугалимдери К.Мамбетаитова, Ж.Койчуманова, Ч.Токтосейитова башталгыч класстар менен жогорку класстардын ортосундагы байланышты бекемдөө максатында тематикалык семинарды райондук денгээлде өткөрүштү.

Энелер мектеби

ИШ БИЛГИ ДИРЕКТОР ЖЕТЕКТЕГЕН ЭЛЕТ МЕКТЕБИ

«Энелер мектебинин» жылдык планында ар бир ай сайын энелерге окуу-тарбия ишинде көмөк көрсөтүү максатында семинар-тренингдер пландалган.  С.Исмаилов орто мектебинин жалпы жамааты  «Энелер мектеби — таалим-тарбиянын мектеби» аталышындагы райондук масштабдагы семинарды эӊ жогорку денгээлде өткөрө алды. Даярдоо классынын мугалими Ж.Турганбаева ата-энелерге «Тарбиянын багыттары», башталгыч класстын мугалими Г.Акматова «Китеп – дүйнөсүнө саякат», ошондой эле эжейлер М.Мамыралиева  «Нускалуу энелер мектеби», Н.Иманкулова «Күчтүү үй-бүлө — күчтүү мамлекет» деген аталышындагы үлгүлүү сабактарын көрсөтүштү. Даярдоо класстын окуучуларынын арасында «Мыкты сабак даярдоочу бөлмө» аталышындагы конкурс өткөрүлүп, конкурстун жыйынтыгы семинарда жыйынтыкталып, мыкты деп табылгандар атайын мектептин дипломдору менен сыйланышты.

ИШ БИЛГИ ДИРЕКТОР ЖЕТЕКТЕГЕН ЭЛЕТ МЕКТЕБИ

Мектептин материалдык-техникалык базасын жакшыртууда демөөрчүлөрдүн жана мектептин мурдагы бүтүрүүчүлөрү менен иш алынып барылууда. Мектептин билим сапатынын жогору болушу окуучуларга берилген стимул, үлгү жана башка адамдардын таасири чоң болууда. Атап айтсак, 2014-2019-окуу жылдардын аралыгында   А.Шаршенбаев тарабынан мектептин 11-классынын алдыңкы  бүтүрүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар, Урмат Ишенбеков тарабынан жыл сайын окуунун отличниктерине 50000 сомдук баалуу белектер, китептер, телефондор, акчалай сыйлыктар, Сатаркул Исмаилов агайдын уулудары Алтынбек жана Акылбек Исмаиловдор тарабынан жыл сайын ар кандай конкурстун жеңүүчүлөрүнө, мектеп активисттерине жылдын жыйынтыгы менен чыгарылган «Жылдын мыкты классы», «Жылдын мыкты класс жетекчиси» деген наамдар үчүн акчалай сыйлыктар,  Солтобаев Бактыгул атындагы кыргыз тили жана адабиятын мыкты өздөштүргөн окуучулар үчүн Клара Солтобаева тарабынан предметти  мыкты өздөштүргөн окуучулар үчүн баалуу китептер жана акчалай сыйлыктар менен демөөрчүлүк кылып, окуучуларга стимул берип келишет.

ИШ БИЛГИ ДИРЕКТОР ЖЕТЕКТЕГЕН ЭЛЕТ МЕКТЕБИ

Малина Касымгелдиева, Клара Солтобаеванын демилгеси менен мектептин китепканасына Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан 200 нускадагы Ч.Айтматовдун  энциклопедиясы,  көркөм адабий китептер келип түштү. Мектептин мурдагы бүтүрүүчүлөрү тарабынан мектептин чатыры, дарбазасы, тосмосу, кире бериштеги тепкичи жаңыртылып, Улуу ата мекендик согуштун катышуучуларынын эстелик-монументи, мектептин алдында атайын орундуктар, алма, өрүк бактары жана карагайлар тигилип жаңыртылды.

ИШ БИЛГИ ДИРЕКТОР ЖЕТЕКТЕГЕН ЭЛЕТ МЕКТЕБИ

Сатаркул Исмаилов атындагы орто мектебинин   материалдык-техникалык базасын чыңдоодо өткөн 2018-2019-жылында  мектеп 20 млн. сомго  капиталдык ремонтко киргизилип мектеп ремонттон өткөрүлүп, 2 млн. сомго мектептин ашканасы жана чатыры жаныртылып бүткөрүлгөн.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер