ИРАН ОЛИМПИАДАСЫНАН 1 АЛТЫН, 2 КҮМҮШ АЛГАН ОКУУЧУЛАР

  • 28.12.2021
  • 0

Геометрия боюнча иран олимпиадасы 2014-жылдан бери уюштурулуп келет. Быйыл олимпиада сегизинчи ирет өткөрүлүп отурат. Бул олимпиадага 57 өлкөдөн 4500дөн ашуун окуучу катышкан. Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча кыргызстандык окуучулар 3 медалды жеңип алышты:

  1. Фёдор Корнияш, Бишкек шаарынын Е.Б. Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин окуучусу – ортоңку класстар арасында алтын медаль;
  2. Назар Киргизбаев, Бишкек шаарынын Е.Б. Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин окуучусу – ортоңку класстар арасында күмүш медаль;
  3. Тилек Аскербеков, Чыңгыз Айтматов атындагы «Сапат» лицейинин окуучусу – жогорку класстар арасында күмүш медаль.

Онлайн-форматта өткөрүлгөн бул олимпиадага окуучуларды «Газпром Кыргызстан» мектебинин жана Бишкек шаарынын Е.Б. Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин математика мугалими Мамат Ишматов жана Чыңгыз Айтматов атындагы «Сапат» лицейинин математика мугалими Азамат Аскаров даярдаган.

КР БИМ басма сөз кызматы  

 

Бөлүшүү

Комментарийлер