ИНТЕРНЕТ ОЛИМПИАДАДА ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН ОКУУЧУЛАР

  • 15.05.2022
  • 0

Кочкор районундагы Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин окуучулары «Күн нуру» эл аралык интернет олимпиадасында математика, англис тили, орус тили боюнча алдыңкы орундарга ээ болушту. Бул тууралуу аталган мектептин англис тили мугалими Айжан Акунова кабарлады.
Аталган интернет олимпиадада жеңишке жеткен окуучулар:
I орун математика – Кайрат Чолпонбеков ( 8-класс)
I орун англис тили – Нурель Оморов (2-класс)
I орун англис тили – Сезим Абасова (3-класс)
I орун англис тили — Жаркынай Жумгалбекова ( 8-класс)
I орун англис тили — Милана Тынчтыкбекова ( 8-класс)
Олимпиадага окуучуларды математикадан Фатима Сыдыкова, англис тилинен Айжан Акунова даярдаган.
« Биздин мугалимдер окутуу процесси менен гана чектелбестен, окуучуларды эл аралык онлайн, интернет-олимпиадаларга активдүү катыштырып, алдыңкы орундарды багындырып келишүүдө. Бул окуучулардын дүйнө таанымын кеңейтип, билим алууга болгон кызыгууларын арттырууга түрткү болууда», — деп билдирди англис тили мугалими Айжан Акунова.
Онлайн олимпиада 2-класстан 11-класска чейинки окуучулар арасында өткөн.ИНТЕРНЕТ ОЛИМПИАДАДА ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН ОКУУЧУЛАРИНТЕРНЕТ ОЛИМПИАДАДА ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН ОКУУЧУЛАР

 

Бөлүшүү

Комментарийлер