ИНТЕЛЛЕКТУАЛДАРДЫН ОЛИМПИАДАСЫ ӨТӨТ

  • 27.02.2019
  • 0

2018-2019-окуу жылында мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасынын III-IV  этаптарын өткөрүү  мөөнөттөрү аныкталды.

 Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепте, мектепке чейин жана мектептен тышкаркы башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айнура Кусеинованын берген маалыматына таянсак, мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасы жыл сайын Билим берүү жана илим министрлиги, анын аймактык  жана жалпы билим берүү уюмдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көз карандысыз уюмдарды тартуу менен өткөрүлөт.

— Олимпиаданын негизги максаты — өтө зээндүү мектеп окуучуларын табуу, алардын билимдерин өркүндөтүү үчүн дем берүү, чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн жана изилдөө ишине карата кызыкчылыктарын өнүктүрүү; олимпиаданын жеңүүчүлөрүн даярдоочу мугалимдерди табуу жана дем берүү, ошондой эле өлкөнүн келечектеги интеллектуалдык элитасын тарбиялоого көмөк көрсөтүү.

Олимпиаданын III жана IV этаптары төмөнкү жалпы билим берүүчү предметтер боюнча өткөрүлөт: окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлүүчү мектептер (класстар) үчүн кыргыз тили жана адабияты, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн кыргыз тили жана адабияты, окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн орус тили жана алабияты, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн орус тили жана адабияты,  англис тили, математика, информатика, физика, химия, биология, география, тарых, — дейт А.Кусеинова.

2018-2019-окуу жылында мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасынын III-IV  этаптары Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык өткөрүлөт.

  • Республикалык олимпиаданын III-IV этаптарын өткөрүүнүн төмөнкү мөөнөттөрү аныкталган: 2019-жылдын 12-13-мартында III (аймактык) этабы Бишкек жана Ош шаарларында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй аймактарында өткөрүлөт. Ал эми IV (республикалык) этабы 2019-жылдын 30-31-мартында Бишкек шаарында өтөт. 2-апрелде олимпиаданын жабылыш аземи болот. Жеңүүчүлөр сыйланат жана аларга чакан концерт тартууланат. Республикалык олимпиаданын III этабына 2035 окуучу катышат, — дейт жетектөөчү адис.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер