ИНСПЕКТОРЛОР БИЛИМИН ТЫНЫМСЫЗ ӨРКҮНДӨТҮП ТУРУУГА ТИЙИШ

  • 15.09.2021
  • 0

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери ОБСЕнин колдоосу, ИИМдин коомдук коопсуздук кызматы жана ИИМдин академиясы тарабынан уюштурулган семинар-тренингден өтүштү. Бул тууралуу ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм начальниги Нуржан Адылова билдирди.

Семинарда инспекция кызматкерлери өспүрүмдөргө мамиле жасоодогу өзгөчөлүктөргө көңүл буруу, алардын түйшөлткөн ар кандай маселелерин жүрүм-турумунан аныктоо, кылмыштуулуктун алдын-алуу, балдардын эл аралык диний-экстремизмдин, терроризмдин азгырыктарына жетеленбөөсү үчүн аткарылчу комплекстүү иш-чаралар, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын алдын алуу ж.б. өспүрүмдөрдү адеп-ахлактык тарбиялоодо тартип сакчыларынын жеке жана коомчулук менен бирге аткаруучу иш-аракеттерин талкуулашты.

— Өспүрүмдөр менен иштешкен милиция кызматкерлери ар тараптуу өнүккөн, балдарга мамиле жасоону мугалимдерден кем эмес билген, билимдүү болууга тийиш, башкача айтканда, балдардын кыялын өздөштүрө билип, ар бир өспүрүм менен тил табыша билген кесипкөй болушу керек. Андыктан ар бир инспектор билимин тынымсыз өркүндөтүп, заманга кадамдаш маалыматтар менен камсыз болуп турууга тийиш. Мындай даярдык аларга өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алууга жардам берет” – дейт, Нуржан Адылова.

ИНСПЕКТОРЛОР БИЛИМИН ТЫНЫМСЫЗ ӨРКҮНДӨТҮП ТУРУУГА ТИЙИШ

Семинардын соңунда Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын Жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлерине сертификат тапшырылды.

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер