ИННОВАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР ТЕМАСЫНДА КӨРГӨЗМӨ ӨТҮП ЖАТАТ

  • 30.11.2022
  • 0

Г. Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейинде, “инновациялык технологиялар” темасында көргөзмө өтүп жатат.

ИННОВАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР ТЕМАСЫНДА КӨРГӨЗМӨ ӨТҮП ЖАТАТ

Бул тууралуу долбоордун уюштуруучусу Кыргыз патенттин алдындагы интелектуалдык фондунун бөлүм башчысы Түлөбердиева Дамира Мукашевна билдирди.

— Биз бул иш-чараны 2018-жылы да уюштурганбыз. Ал убакта жаштарды өзүнчө, улуу муундагыларды өзүнчө кылып иш чара кылганбыз. Мунусунда биз баарын чогу кошуп өткөрөлү деп чечтик. Себеби жаштар улуу муундагы окумуштууларга кызыккан суроолорун берип, улуттук илимдер академиясынын илимпоздору менен пикир алмашып, мотивация алсын деген ой максатта. Карап отурсак азыркы технология менен түрдүү нерселерди ойлоп таап жаткан таланттуу окуучулар, жаштар абдан көп экен. Келечекте илимге чоң ачылыштарды жасаган кыргыз жаштары да болот деп ишенем. Көргөзмөгө жалпы 300 катышуучу, 700 дөн ашык экспонаттарды алып келишти. Буюрса эмки жылы мындан дагы мыкты деңгээлде уюштуралы деп жатабыз,-деди.

ИННОВАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР ТЕМАСЫНДА КӨРГӨЗМӨ ӨТҮП ЖАТАТ

Көргөзмөгө республиканын бардык аймактарындагы чыгармачылык мектептер, уюмдар чакырылган. Ар бир уюм өзүнүн ар кандай чыгармачылыктарын өзгөчөлүгүн алып келишкен. Көргөзмө 28-ноябрь күнү башталган, бүгүн катышуучуларга диплом, сыйлыктар тапшырылып жыйынтыкталат.

Фархат Каныбеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер