«ИНКЛЮЗИЯНЫ ЖАЙЫЛТУУ – КЕЛЕЧЕККЕ ИНВЕСТИЦИЯ САЛУУ»
- 27.05.2025
- 0
Кыргызстан инклюзивдүү жана заманбап билим берүү багытында Литва менен кызматташат. Бул кызматташуу Европа Биримдигинин “Мектептерде инклюзивдик жана STEAM билимин жайылтуу” Твиннинг долбоорунун алкагында ишке ашмакчы.
“Инклюзивдүү жана STEAM билим берүүнү мектептерде илгерилетүү” Твиннинг долбоору бардык окуучулар үчүн адилеттүү, инклюзивдик жана келечекке даяр мектеп чөйрөсүн өнүктүрүүгө колдоо көрсөтөт.
Долбоордун ачылыш аземине катышкан КР Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев билим берүү реформалары, STEAM өнүктүрүү жана инклюзивдүү билим берүү саясаттары боюнча тажрыйбалары менен бөлүшкөн өнөктөштөрдүн баарына ыраазычылык билдирип: “Биз үчүн бул жаңы этаптын башталышы. Сиздердин тажрыйбаңыздардын аркасында биз билим берүү системасына заманбап жана эффективдүү ыкманы киргизүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк алдык, — деди.
Аталган долбоордун өнөктөштөрү Литва Республикасынын Билим берүү, илим жана спорт министрлиги, Литва инклюзивдүү билим берүү борбору жана Европалык социалдык фонд агенттиги болуп эсептелет.
Билим берүү реформалары, STEAM өнүктүрүү жана инклюзивдүү билим берүү саясаттары боюнча чоң тажрыйбасы бар 30га жакын литвалык эксперттер туруктуу натыйжаларга жетүү үчүн жергиликтүү өнөктөштөр менен бирге иштешет.
Бул Твиннинг долбоору Европа Биримдигинин туруктуулукту, өнүгүүнү жана “теңге-тең” кызматташтыгы аркылуу жакшы башкарууну илгерилетүү аракеттеринин бир бөлүгү.
“Инклюзияны жайылтуу – келечекке инвестиция салуу” ураанынын алдында иш жүргүзүп келаткан бул долбоордун максаты – жынысына, майыптыгына жана жашаган жерине карабастан, бардык окуучулар үчүн инклюзивдүү, бирдей жана сапаттуу билим берүүнү илгерилетүү багытында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин потенциалын күчөтүү жана санариптик доордо зарыл болгон көндүмдөрдү жогорулатуу.
Иш-чарага катышкан мектеп жетекчилери, мугалимдерди даярдоо институттары, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр жана жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү үч тематикалык компонентин (инклюзивдүү билим берүү, STEAM билим берүү жана билимди каржылоо) жетектеген литвалык эксперттердин баяндамаларына да күбө болушту.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер