ИНКЛЮЗИВДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН АПРОБАЦИЯДАН ӨТКӨН ЖОБОСУ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 03.05.2020
  • 0

Ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн инклюзивдүү билим берүү боюнча видеоконференция болуп өттү.

Конференцияда жалпы билим берүү уюмдарында билим алган ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге инклюзивдүү билим берүүнү уюштуруу боюнча апробациядан өткөн жобонун жыйынтыгы жана Инклюзивдүү билим берүү шартындагы пилоттук мектептерди өнүктүрүү боюнча үч жылдык программа талкууланды.

Учурда «Сорос-Кыргызстан» жана «Борбор Азиядагы Евразия» фондунун колдоосу менен аралыктан окутуу мезгилинде мүмкүнчүлүгү чектелген бардарды окутуу боюнча педагог жана ата-энелер үчүн ыкчам байланыш номерлери ачылган.

Конференцияга Билим берүү жана илим министрлигинин, Нарын, Ош, Аламүдүн билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, Инклюзивдүү билим берүү ресурстук борборлору ачылган пилоттук мектептердин директорлору, алардын орун басарлары, социалдык педагогдор, борборлордун өнөктөш болгон бейөкмөт уюмдарнын өкүлдөрү катышты.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер