ИНФРАСТРУКТУРА ЖАҢЫЛАНЫП, ЗАМАНБАП ШАРТТАР ТҮЗҮЛҮҮДӨ

  • 19.06.2026
  • 0

Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы И.Раззаков атындагы №7 инновациялык жалпы билим берүү мектебинде оңдоп-түзөө иштери уланууда. Бул окуу жай өлкө боюнча инновациялык мектеп макамын алган 53 мектептин катарына кирет.

ИНФРАСТРУКТУРА ЖАҢЫЛАНЫП, ЗАМАНБАП ШАРТТАР ТҮЗҮЛҮҮДӨ

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан быйыл алардын инфраструктурасын жаңылоо жана заманбап билим берүү талаптарына ылайыкташтыруу пландаштырылган.

Учурда мектептин ички жасалгалоо иштерине даярдык көрүлүүдө. Жакын арада STEM-кабинеттери, спорттук зал, китепкана жана санитардык түйүндөр жаңыланып, мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар үчүн жеткиликтүүлүк камсыздалат. Ошондой эле мектеп имаратынын сырткы көрүнүшү толугу менен жаңыланат.

Мектеп директору Гүлсүнай Мадмусаеванын айтымында, инновациялык мектеп макамын алуу билим берүү сапатын жаңы деңгээлге көтөрүүгө шарт түзүүдө.

— Мектепте жүргүзүлүп жаткан заманбап оңдоо иштери, жаңыланган окуу кабинеттери, санариптик технологиялар жана STEM лабораториялары окуучулар үчүн сапаттуу билим алууга кеңири мүмкүнчүлүк ачат. Бүгүнкү күндө окуучулардан жөн гана билимди жаттап алуу эмес, аны турмушта колдоно билүү, сынчыл ой жүгүртүү, чыгармачылык жана көйгөйлөрдү чечүү жөндөмдөрү талап кылынууда. Бул багытта инновациялык мектептин ролу өзгөчө маанилүү. 12 жылдык билим берүү системасына өтүү шартында биз жаңы программаларды жана заманбап окутуу усулдарын ишке ашыруудабыз. Негизги максатыбыз — билимдүү, чыгармачыл, мекенчил жана атаандаштыкка жөндөмдүү жаштарды тарбиялоо, — дейт ал.

Белгилей кетсек, оңдоп-түзөө иштери жаңы окуу жылы башталганга чейин толугу менен аяктайт.

Бөлүшүү

Комментарийлер