ИНФОРМАТИКА МУГАЛИМДЕРИНЕ АРНАЛГАН СЛЕТ

  • 07.02.2023
  • 0

Токмок шаарында информатик мугалимдеринин чакан слету жыйынтыкталды.

14-январдан 4-февралга чейин Токмок шаарындагы №1 А.С.Пушкин атындагы мектеп-гимназиянын базасында өткөрүлгөн чакан слетко Чүй районунун жана Токмок шаарынын информатика мугалимдери катышты.ИНФОРМАТИКА МУГАЛИМДЕРИНЕ АРНАЛГАН СЛЕТ

Аталган иш-чара “CodeGeneration” программалоо мектебинин директору, Logo “Balatech” тилинде программалоо олимпиадасынын жана билим берүү платформасынын негиздөөчүсү Санжар Маматовдун жеке демилгеси жана каржылык колдоосу менен өттү. Бул жолугушууну биргелешип ишке ашырууга Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн информатика мугалимдеринин райондук-шаардык усулдук бирикмесинин жетекчиси Н.Н.Осипова көмөктөштү.

Чакан слетко катышкан 25 информатика мугалими дээрлик бир ай тренерлер Санжар Маматов жана Бекболсун Таалайбековдун Python программалоо тили боюнча интенсивдүү тренингинен өтүп, өзгөрмөлөр, циклдер, шарттуу операторлор, функциялар, массивдер ж.б. көптөгөн негизги мектеп программасынын темаларын үйрөнүштү.

ИНФОРМАТИКА МУГАЛИМДЕРИНЕ АРНАЛГАН СЛЕТ

Тренингдердин жүрүшүндө мугалимдерде программалоо боюнча сынактарды жана олимпиадаларды талкуулоого мүмкүнчүлүк түзүлүп, Python тили менен иштөөгө жана аны жаңы деңгээлде үйрөтүүгө ишеним пайда болгонун кубануу менен белгилешти.

Уюштуруучулардын айтымында, окуучуларга гана эмес, мектеп мугалимдерине да билим берүүгө багытталган «Келечек үчүн билим» долбоорунун алкагында көптөгөн катышуучуларды камтуу менен өткөрүлгөн мындай иш-чара №1 орто мектептеги жаңы мультимедиалык китепкананын базасында ишке ашты. Бул мультимедиалык китепкананын негизинде уюштурулган биринчи долбоор болуп эсептелет.

ИНФОРМАТИКА МУГАЛИМДЕРИНЕ АРНАЛГАН СЛЕТ

Аталган долбоор 13-мартка чейин уланмакчы. Эми мугалимдер Python тилинин негиздери боюнча иштелип чыккан «CodeGeneration» билим берүү платформасынын аркасында ИКТ аркылуу окуучуларга коддоону үйрөтө алышат.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер