ИНФОРМАТИКА БОЮНЧА XV ЕВРАЗИЯЛЫК ОЛИМПИАДАДА КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУЛАР БАЙГЕЛҮҮ ОРУНДАРГА ЭЭ БОЛДУ

  • 14.12.2023
  • 0

11-12-декабрда Алматыда информатика боюнча XV Евразиялык олимпиада өттү, анда Кыргызстандын окуучуларынан турган бир команда – алтын, эки команда – күмүш, үч команда коло медалга ээ болду.

ИНФОРМАТИКА БОЮНЧА XV ЕВРАЗИЯЛЫК ОЛИМПИАДАДА КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУЛАР БАЙГЕЛҮҮ ОРУНДАРГА ЭЭ БОЛДУ

Бишкек шаарындагы «Газпром Кыргызстан» мектебинин окуучулары Эмил Талыпов, Адил Канатбеков, Ян Бобрус курамына кирген команда алтын байгеге ээ болду. (Тренери — Осмонов Медербек).

Курамына Исхак Тажибаев, Алихан Айдарбеков, Тенгиз Джамалов кирген курама команда күмүш байгеге ээ болду, тренери — Кылычбек Ураимов.

Ошондой эле күмүш байгени Абдулазиз Лебиев, Кутбол Алманов, Санжар Садирбеков сыяктуу окуучулардан турган курама команда жеңип алган, тренери — Кылычбек Ураимов.

Ал эми коло медалга Кыргызстандын мектептеринен барган үч команда ээ болду, атап айтканда,

  • Байтөрө Майрамбеков, Айпери Акжолтоева, Канимет Бусурманкулов кирген курама команда, тренери — Ураимов Кылычбек;
  • Назар Шаршеналиев, Максат Темирбеков, Адилет Байышов кирген курама команда, тренери — Манас Саматов;
  • Ош Сема лицейинин окуучулары Байыш Минбаев, Али Арапов, Абдуллахан Абдирасулов, тренери — Ураимов Кылычбек.

Ошол эле учурда Бишкек шаарындагы «Газпром Кыргызстан» мектебинин «Gasprom_team» командасы информатика боюнча XV Евразиялык олимпиадада III даражадагы дипломго ээ болду.

Бөлүшүү

Комментарийлер