ИНДИРА КУДАЙБЕРГЕНОВА КММАГА РЕКТОР БОЛУП БЕКИТИЛДИ

  • 03.06.2021
  • 0

Индира Кудайбергенова Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына ректор болуп бекитилди. Тиешелүү буйрукка Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев кол койду.

Окуу жайда ректор шайлоо 29-майда өтүп, бул кызмат үчүн төрт талапкер Айдаров Зиябидин,  Кудайбергенова Индира, Шаршенбиев Жолдошбек, Алымбаев Эркин ат салышкан. Анда эң көп добушту Индира Кудайбергенова алган. Шайлоодо окуу жайдын 792 кызматкери добуш берүү укугуна ээ болуп, анын 731 добуш берсе, 698 шайлоочу окуу жайды буга чейин жетектеп келген Индира Кудайбергенованы тандаган.

Бөлүшүү

Комментарийлер