ИЛИМПОЗДОРДУН ИЛИМИЙ КӨРГӨЗМӨСҮ ӨТӨТ

  • 09.11.2022
  • 0

ИЛИМПОЗДОРДУН ИЛИМИЙ КӨРГӨЗМӨСҮ ӨТӨТ
11-ноябрь — Эл аралык илим күнүнө карата Билим берүү жана илим министрлиги И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде илимий техникалык изилдөөлөрдүн көргөзмөсүн өткөрөт.

Иш-чарага республикадагы алтымыштан ашуун жогорку окуу жайдын окутуучулары, студенттери катышып, жыйырма беш окуу жайдын жүзгө жакын илимий иши эл алдына коюлат. Көргөзмөнүн алкагында “Кыргызстандагы университет 4.0 жараянынын азыркы абалы жана келечеги”, “Билим берүүдөгү илимий инновациялык тренддер” темасындагы тегерек стол болот. Ага Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү жана илимпоздор катышат.
Эң алдыңкы деп табылган иштер белгилүү ишкерлер тарабынан инвестициялоого алынат.

Бөлүшүү

Комментарийлер