ИЛИМПОЗДОР ААЛАМ АЛПЫН ЭСКЕРИШТИ  

  • 21.06.2018
  • 0

Өткөн аптада Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан уюштурулган залкар жазуучу, даанышман-ойчул, гуманист   Чыңгыз Айтматовду эскерүү кечеси болду.

ИЛИМПОЗДОР ААЛАМ АЛПЫН ЭСКЕРИШТИ  

Иш-чара улуу жазуучунун чыгармаларынын таралышынын географиялык картасынын бет ачары менен башталып, кол өнөрчү жана сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү менен коштолду. Кечени КР УИАнын президенти, академик Мурат Жуматаев ачып, Өзбекстан, Казакстан, Түркия өлкөлөрүнүн Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчилери куттуктоо сөздөрү менен чыгышты.

Кечени ачып жатып УИАнын президенти Мурат Джуматаев улуу жазуучунун чыгармачылыгы, философтугу, келечекти көрө билгендиги жөнүндө  айтып: — Айтматовдун ааламдашууга, рыноктук мамилеге, демократияга киришүү жөнүндөгү ойлору, аларды өз чыгармаларында каармандардын тагдыры аркылуу түшүнүктүү кылып жазгандыгы көп кишилерди кайдыгер калтырбай, ой казынабызга кошулду. Чыңгыз Төрөкулович өмүрүнүн акыркы жылдарында Улуттук илимдер академиясына кандайдыр бир коркунуч туулушу мүмкүн экендигин сезсе керек. Академиктер менен жолугушуп, академиянын мамлекет үчүн өзгөчө орду бар экендигин, өз ордун табышын каалаган эле. Ошондуктан академиянын жамааты Айтматовдун чыгармаларындагы адамды жаратмандыкка үндөгөн керээзин эсине сактаарына, аны ишке ашыраарына ишенем.

Иш-чаранын демилгечиси, академик, Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору Абдылдажан Акматалиев Ч.Айтматовдун чыгармалары жүздөн ашык мамлекетте, 76 тилге которулгандыгын, 80 млн. нускада жарык көргөндүгүн айтып жатып:  — Айтматовдун чыгармачылыгы жалаң гана адабият, тил изилдөөчүлөр үчүн керек эмес, ал бүтүн адамзатка тийиштүү инсан. Ошондуктан Айтматовду бүткүл адамзат сыйлап келет. Көптөгөн өлкөлөрдө улуу инсанды эскерүү боюнча иш-чаралар өткөрүлүп жатат. Айтматов көтөргөн проблемалар ар бир адамдын башына түшө турган түгөнбөс проблемалар. Адамзат барында Айтматов да унутулбайт деген тилектебиз, – деген оюн билдирди.

Өзбекстандын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Комил Рашидов өзбек эли үчүн жазуучунун мааниси чоң экендигин белгилеп, Ч.Айтматовдун айкели тургузулуп, Ташкенттин көчөлөрүнүн бирине аты берилгени жатканын, Кыргызстан менен Өзбекстандын актёрлорунун катышуусунда “Делбирим” чыгармасы көркөм фильм болуп тартыла тургандыгын айтты.

Кеченин соңунда “Сахна” театры тарабынан Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде коюлган спектакль көрсөтүлүп, обончу Сыймык Бейшекеевдин жазуучуга арнаган ырларын ырдады. Ошондой эле иш-чаранын алкагында Ч.Айтматовдун чыгармаларын жайылтып, изилдегендер сыйланышты. Бул тууралуу академиянын басма сөз кызматы билдирди.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер