ИЛИМИЙ КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН ЭМГЕК АКЫСЫ 100 ПАЙЫЗГА ЖОГОРУЛАЙБЫ?

  • 06.02.2025
  • 0

Илимий жана илимий-техникалык уюмдардын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө системасын өркүндөтүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында токтом долбоору даярдалды.

Ага ылайык илимий кызматкерлердин эмгек акысын 100 пайызга жогорулатуу пландалууда: анын ичинде кызматтык окладды аныктаган коэффициентти 50 пайызга, кызматтык окладга кошумча төлөмдөрдү 50 пайызга көтөрүү каралган. Натыйжада жалпы жогорулоо 100 пайызды түзөт. Ошондой эле, илимий институттарда иштеген жардамчы тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысы 80 пайызга жогорулатылат.

Бул токтом долбоору тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашылып, бирдиктүү чечим катары кабыл алынган. Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин жогоруда аталган Жарлыгында илимий уюмдардын кызматкерлеринин эмгек акысын 70 пайыздан 100 пайызга чейин көтөрүү тапшырмасы коюлган.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги расмий маалымат булактарына гана ишенүүгө чакырды.

Айдана МАМАТБЕРДИЕВА,

«Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер