ИЛИМГЕ АРНАЛГАН ИШ-ЧАРА

  • 14.11.2019
  • 0

12-ноябрда И. Арабаев атындагы КМУда илим күнүнө карата иш-чара өтүп, Кыргызстандагы экологиялык көйгөйлөр, айлана-чөйрөнү коргоо, калктын саламаттыгын жакшыртуу, экологиялык туризмди өнүктүрүү сыяктуу маселелер талкууланды.

Иш-чарага география, экология, туризм жана биология адистиктери боюнча окуган студенттер, Бишкек шаарындагы №55 орто мектебинин, «Креатив-Таалим» орто мектебинин окуучулары жана окутуучулары катышты. Университеттин илимий иштери боюнча проректору Э. Каниметов катышуучуларды Илим күнү менен кутттуктап, учурдагы билим берүүдө, экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдө илимий иш-аракеттердин маанисин белгиледи.

Бөлүшүү

Комментарийлер