ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНДА МАНАСЧЫЛАРДЫН ЖАҢЫ МУУНУ МЕНЕН ИЛИМПОЗДОР КЕҢЕШ ӨТКӨРҮШТҮ

  • 16.10.2019
  • 0

Көркөм  сөз зергери, улуу манасчы Саякбай Каралаевдин туулгандыгынын 125 жылдыгына карата “Саякбай Каралаев жана манасчылардын жаңы мууну” аттуу талкуу Улуттук илимдер академиясында болуп өттү.

ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНДА МАНАСЧЫЛАРДЫН ЖАҢЫ МУУНУ МЕНЕН ИЛИМПОЗДОР КЕҢЕШ ӨТКӨРҮШТҮ

Иш-чара борбордогу №69 окуу-тарбия комплекс мектеп-гимназиясынын “Устат-шакирт салттык музыка борборунун” кичинекей тарбиялануучуларынын манас айтуусу менен башталды. Андан кийин КР Өкмөтүнүн, Жогорку Кеңешинин өкүлдөрү, Академиянын президенти Мурат Жуматаев, Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору А.Акматалиев ж.б. окумуштуу илимпоздор сөз сүйлөшүп, Саякбай Каралаевдин башка манасчылардан болгон айырмачылыгы, өзгөчөлүгү жана анын жаштарга тийгизген таасири тууралуу айтып беришти. Иш-чаранын жүрүшүндө учурдагы манасчылардын жаңы муунунун өкүлдөрү алгач Манастан үзүндү айтышып, андан соң өз чыгармачылыгын таптоодогу Саякбай Каралаевден алган өрнөктөрү тууралуу айтып беришти.  Талкуу бир багыттуу болушу үчүн Саякбай Каралаевдин айтуусундагы “Чоң казат” эпизоду тема катары алынган. Ар бир манасчы “Чоң казаттагы” окуялар тууралуу бандап, өз варианттарындагы кошумча, алымчалар тууралуу баяндап беришти.

Иш-чарада Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун Манас, фольклор, акындар чыгармачылыгы бөлүмүнүн базасында түзүлүп жаткан учурдагы элдик оозеки чыгармаларды жана манасылардын варианттарын жазып алуу лабораториясы жөнүндө сөз болуп, эми эпос манасчылардын өз ооздорунан жазылып баштарын жана ал илимпоздор тарабынан илимий изилдөөгө алынары белгиленди.

Бөлүшүү

Комментарийлер