ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫ ИНВЕСТИЦИЯ ТАРТУУНУ ЖӨНГӨ САЛАТ

  • 15.02.2018
  • 0

ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫ ИНВЕСТИЦИЯ ТАРТУУНУ ЖӨНГӨ САЛАТ

14-февралда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулар кеңешинде илимий-изилдөө долбоорлоруна инвестор тартуу жана инновацияларды практика жүзүнө ашыруу маселелери талкууланды.

Химия-технологиялык, медицина-биологиялык жана айыл-чарба илимдери бөлүмүнүн төрагасы Исабек Ашимов Илимдер академиясынын президиумунун позициясын төмөндөгүчө белгилеп: “Азыркы шарттардагы КР УИАнын максаттуу секторлорунун бири – экономикалык циклди жөндөөгө багытталган, инвестициялык-инновациялык өнүгүү болуп саналат. Анын ичинде жаңы билимди жана инновацияны иштеп чыгуу үчүн максималдуу түрдө инвестиция колдонуу; жаңы илимий продуктыны түзүү үчүн жаңы илимий ачылыштарды жана технологияны максималдуу түрдө иштеп чыгуу; өндүрүштөгү сатык үчүн жаңы илимий ачылыштарды максималдуу түрдө колдонуу; жаңы илимди жана технологияларды ашыра  иштеп чыгуудан түшкөн каражаттарды максималдуу түрдө реинвестицияга жумшоо”, — деген оюн айтты.

Ошондой эле жыйындын катышуучулары тарабынан инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдүн көз карашындагы илимий иштелмелердин анализи, инвестиция жана инновация боюнча өткөрүлө турган форумдардын академиялык тематикасы, илимий иштелмелерди ишке киргизүүнүн этаптары, жергиликтүү жана чет элдик инвесторлорду тартуу, эл аралык стипендиялык программаларга жаш окумуштуулардын катышуусун арттыруу сыяктуу бир катар маселелер талкууга алынды.

Бул тууралуу академиянын басма сөз кызматы билдирди.

Бөлүшүү

Комментарийлер