ИЛИМДЕГИ ЖАҢЫ ДООР
- 17.04.2026
- 0
2026-жылдын 16-апрелинде Кыргызстанда биринчи жолу мамлекеттик үлгүдөгү PhD дипломдору тапшырылды.

Маалыматка таянсак, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, илимдин өлкө өнүгүүсүндөгү маанисин белгиледи.
— PhD программалары өлкөдө 2013-жылы пилоттук негизде башталып, 2020-жылы үч баскычтуу билим берүү системасына өтүү менен бекемделген. 2023-жылы «Илим жөнүндө» мыйзам аркылуу бул даража расмий таанылган, — деди министр айым.
Учурда Кыргызстанда 21 жогорку окуу жай PhD багыты боюнча адистерди даярдап жатат.
Жалпысынан 80 бүтүрүүчү PhD даражасын алса, алардын 32 пайызы чет өлкөлүк жарандар.
Иш-чаранын алкагында алгачкы 12 бүтүрүүчүгө мамлекеттик үлгүдөгү дипломдор тапшырылды. Дипломдор санарип форматта да жеткиликтүү болуп, «Түндүк» порталы аркылуу ишке ашырылган.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, «Кут Билим»,
Салкынай САЛМООРБЕКОВА, “Кут Билим”, И.Арабаев атындагы КМУнун журналистика факультетинин 1-курсунун студенти







Комментарийлер