“ИЛИМДЕГИ КЫЗДАР”: МЕКТЕПТИ ЖАКШЫРТАТ ЖАНА БИЛИМ САПАТЫН ЖОГОРУЛАТАТ
- 16.08.2024
- 0
2024-жылдын 15-августунда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Илимдеги кыздар” долбоорунун алкагында Диалог-форум болуп өттү.

Фонддун кызматкери Салтанат Адылбек кызынын маалыматына таянсак, иш-чарага долбоордун Кызыл-Кыя шаарындагы, Ноокат, Сузак райондорундагы пилоттук мектептердин жетекчилери, билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, жооптуу кызматкерлери жана долбоордун командасы катышты.
Иш-чаранын башталышында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун аткарууучу директору Роза Кайыкова катышуучуларга “Илимдеги кыздар” долбоорунун алкагында аткарылган иштер тууралуу маалымдап, стратегиялык өнүгүү пландарына STEM жана гендердик-сезимтал аспектилерин камтуу менен түзүү, мектептердеги иштерди жакшыртууда жана билим сапатына таасир этүү менен жакшы натыйжаларга алып келээрин белгиледи.

— Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору Бекмурза Зулуев билим берүү жаатындагы олуттуу аракеттери үчүн “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондуна ыраазычылыгын билдирип, билим тармагын өнүктүрүү үчн фонд туруктуу иш алып барып жатканын белгиледи. Диалог-форумда пилоттук мектептерде атайын жумушчу топтор тарабынан иштелип чыгып, бекитилүүгө даярдалган мектептин стратегиялык өнүгүү пландары тууралуу маалымат берилди жана аларды келечекте турмушка ашыруу боюнча иш-чаралар жана мындан аркы кадамдар талкууланды. Диалог форумдун катышуучулары жалпы максаттарга жетүү үчүн билим берүү мекемелеринин, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын ортосундагы кызматташуусунун маанилүүлүгүн белгилешти, — дейт Р.Кайыкова.


ЮНИСЕФтин «Илимдеги кыздар» долбоорунун экинчи этабын «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду, Балдарды коргоо борбору, БААУ инновациялык колледжи жана Энактас Кыргызстан уюмдары менен өнөктөштүктө ишке ашырууда.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”