“ИЛИМДЕГИ КЫЗДАР” ДОЛБООРУНУН ЭКИНЧИ БАСКЫЧЫ АЙМАКТАРДА УЛАНАТ

  • 12.05.2023
  • 0

Бүгүн, 12-майда “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду Борбор Азиядагы Америка университетинин алдындагы инновациялык колледжи жана “Балдарды коргоо борбору” коомдук бирикмеси менен биргеликте ЮНИСЕФтин “Илимдеги кыздар” “Илимдеги кыздар” долбоорунун экинчи баскычынын презентациясы болду.

“ИЛИМДЕГИ КЫЗДАР” ДОЛБООРУНУН ЭКИНЧИ БАСКЫЧЫ АЙМАКТАРДА УЛАНАТ

Иш-чарага билим берүү жана илим министрлигинин мектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу саясатынын башкармалыгынын башчысы Кыялбек Акматов, долбоордун өнөктөштөрү, пилоттук аймактардын облустук, райондук билим берүү мекемелеринин жетекчилери, мектеп директорлору катышып, долбоордун экинчи фазасынын максаттары менен таанышты.

Мектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу саясатынын башкармалыгынын башчысы Кыялбек Акматов Кыргызстан 2025-жылы PISA эл аралык изилдөөсүнө катыша тургандыгын айтып, бул долбоор эл аралык изилдөөнүн приоритет болгон STEM предметтери (физика, химия, математика, биология) боюнча балдардын билим сапатын жана көндүмдөрүн жакшыртууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте долбоордун экинчи баскычына  Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Чуй облустарынан 50 пилоттук мектеп тандалып алынган. Долбоор эки жылга созулат. Бул аралыкта мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү саясатына талдоо жүргүзүү, STEMге багытталган адаптивдик пландарын иштеп чыгууга көмөк көрсөтүү, өспүрүм кыздардын/балдардын мектептен кийинки билимин улантууга мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана мотивациялоо, STEM билим берүү боюнча маалымдуулукту жогорулатуу, багыт берүү максатында иштер аткарылат.

Долбоордун максаты – өспүрүмдөрдү илим жана технологияга шыктандыруу, алардын мотивациясын күчөтүү жана жаңы кесиптерди алуу мүмкүнчүлүктөргө окутуп үйрөтүүгө шарт түзүү.

Бөлүшүү

Комментарийлер