“ИЛИМДЕГИ КЫЗДАР”: 100 МИҢДЕН АШЫК КЫЗДЫ КАМТУУ ПЛАНДАЛУУДА

  • 01.10.2026

Кыргыз улуттук тарых музейинде кыздарды илим, технология, инженерия, искусство жана математика (STEAM) багыттарына тартууга багытталган “Илимдеги кыздар” (STEAM4Girls) программасынын III фазасы расмий түрдө башталды.

“ИЛИМДЕГИ КЫЗДАР”: 100 МИҢДЕН АШЫК КЫЗДЫ КАМТУУ ПЛАНДАЛУУДА

Маалымдалгандай, аталган иш-чара “Илимдеги кыздар: учур жана келечек анын колунда” деген ураан алдында өтүүдө.

Илимий саамалыкка мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, анын ичинде Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаева, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Жунг Тапа катышууда.

“ИЛИМДЕГИ КЫЗДАР”: 100 МИҢДЕН АШЫК КЫЗДЫ КАМТУУ ПЛАНДАЛУУДА

Иш-чаранын алкагында музейдин аймагында интерактивдүү STEAM-зоналар уюштурулган. Ошондой эле “STEAM World — TED Talks” форматында илим, технология, инженерия жана инновация тармагында ийгиликке жетишкен окуучу кыздар өздөрүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүүдө.

“ИЛИМДЕГИ КЫЗДАР”: 100 МИҢДЕН АШЫК КЫЗДЫ КАМТУУ ПЛАНДАЛУУДА

Мындан тышкары, программага катышкан мугалимдер, окуучу жана студент кыздар илим тармагында жетишкен ийгиликтери менен бөлүшүп, илимди өнүктүрүүгө багытталган идеяларын, сунуштарын жана келечектеги максаттарын ортого салышууда.

“ИЛИМДЕГИ КЫЗДАР”: 100 МИҢДЕН АШЫК КЫЗДЫ КАМТУУ ПЛАНДАЛУУДА

Кыргызстанда “Илимдеги кыздар” долбоорунун үчүнчү фазасына 100 миңден ашык кыздарды жана 2 миң 500 мугалим менен ата-энени камтуу максаты коюлду. Бул тууралуу ЮНИСЕФтин Жаштар саясаты жана билим берүү тармагы боюнча адиси Айжан Абдесова билдирди.

Анын айтымында, “Илимдеги кыздар” долбоору 5 жылдан бери иштеп келе жаткан ийгиликтүү долбоорлордун бири болуп, буга чейин ага 50 миңге жакын кыздар катышкан.

— Бүгүнкү иш-чарага 250дөй киши катышып жатат. Бул 11-октябрь — Эл аралык кыздар күнүнө карата уюштурулган “Илимдеги кыздар” долбоорунун үчүнчү фазасынын расмий ачылышы. Биз октябрь айын кыздарга, илимге, билимге жана искусствого арноо максатында иш-чараларды 1-октябрдан баштап жатабыз, — деди А.Абдесова.

Маалыматка караганда, иш-чарага 180 окуучу, 20 ыктыярчы, студенттер, жеке сектордун өкүлдөрү, ошондой эле бир катар элчиликтердин өкүлдөрү катышууда.

— Бүгүн жаштар менен мамлекеттин ортосундагы көпүрө болгон U-Report санариптик платформасы аркылуу жаңы сурамжылоо башталды. Анда кыздар менен балдардын спортко жана илимге катышуусуна, ошондой эле өзүн өнүктүрүүсүнө канчалык мүмкүнчүлүктөрү бар экени изилденет, — деди ал.

Бул долбоорго катышууну каалагандар үчүн бардык маалыматтар ЮНИСЕФтин, Агартуу министрлигинин, ошондой эле Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин социалдык тармактардагы расмий баракчаларында жарыяланып тураары кошумчаланды.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү