ИЛИМДЕГИ АЙЫМДАРГА АРНАЛГАН ИШ-ЧАРА ӨТӨТ

  • 08.02.2024
  • 0

9-февралда Кыргызпатентке караштуу Инновациялык борбордо Илимдеги аялдардын жана кыздардын Эл аралык күнүнө арналган “Жашыл технологияларды өнүктүрүүдө аялдардын инновациялык идеялары” аттуу иш-чара өтөт. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын максаты — туруктуу өнүгүү жана жашыл экономика тармагында инновациялык чечимдерди иштеп чыгуучу изилдөөчүлөр жана ойлоп табуучулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө арналмакчы.

Иш-чара катышуучуларга жашыл технологиялар тармагында иштеген башка аялдар менен тажрыйба алмашууга, кесиптик байланыш тармагын кеңейтүүгө, алдыңкы тажрыйбалар менен таанышууга жана долбоорлору үчүн жаңы идеяларды алууга мүмкүндүк берет.

Инновациялык борбордо саат 10:00-15:00го чейин өтө турган иш-чарага катышууну каалоочуларга эшик ачык.

Бөлүшүү

Комментарийлер