ИЛИМ – ОКУУ БУЛАГЫ, ӨНӨР – ТУРМУШ ЧЫРАГЫ

  • 28.03.2024
  • 0

       ИЛИМ – ОКУУ БУЛАГЫ, ӨНӨР – ТУРМУШ ЧЫРАГЫ

   Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги USAIDдин “Окуу керемет” долбоорунун алкагында уюштурулган, Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын 1-6-класстарынын окуучуларынын арасында “Окуйбуз, жаратабыз, изилдейбиз!” аттуу изилдөө долбоорлору боюнча Республикалык сынакты уюштуруу жана өткөрүү жөнүндөгү  буйругунун негизинде  сынак өткөрүлдү.

   Сынактын максаты – жалпы билим берүү уюмдарынын 1-6-класстарынын окуучуларынын окуу, маалыматтык жана изилдөө компетенцияларын жана чыгармачылык дараметин өнүктүрүү болуп саналат.

    Сынактын милдеттери – 1-6-класстарынын окуучуларын өз алдынча окуу жана изилдөө ишмердүүлүгүн өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү жана алардын кызыгуусун арттыруу эле.

     Сынакка катышуучулар жаш курагына ылайык 3 топко 3 багыт боюнча бөлүндү.

    Аты аталган сынакка Аксы районуна караштуу Салибай Шатманов атындагы 39 Кызыл-Жар жалпы орто билим берүүчү мектебинин  3-4-класстын окуучуларынын арасынан тандалып алынган “Көп улуттуу Кыргызстандын элдеринин маданияты” багыты боюнча 4-класстын окуучуларынын “Чебер уздар” тобунун кыздары жана класс жетекчиси Кадырбаева Гүлнара Самарбековна “Каада салтты сактайлы, кол өнөрүн барктайлы” аттуу темада  жалпы журтка мактанарлык өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Топтун көйгөйү: Койдун жазгы жүнүн иштетүү.

Топтун максаты: Энелердин учугун улап, ата-бабалардын салтын сактоо.

    Аймакта өткөрүлгөн баскычтан  1-орунду камсыздап, райондук баскычта да 1-орунду ээлешти. Ал эми областтар аралык баскыч онлайн түрдө өткөрүлгөндүктөн видео түрүндө  тартылган эле. Калыстар тобу тарабынан эң жогорку упай алып, республикалык баскычка өтүп, республикалык баскычта ийгиликтүү өнөрлөрүн көрсөтө алышты. Жасаган буюмдары, аткарган иштери мыкты бааланды. Өзгөчө топтун “Өздөрүн тааныштыруу” бөлүгү “өзгөчө” болду. Республикалык баскыч Билим берүү министринин түздөн-түз көзөмөлүнө алынды.

Мындай жетишкендиктер биздин мектебибиз үчүн чоң жетишкендик жана сыймык деп эсептейм. Окуучулар арасында ата-бабалардын салтын улаган, чеберлер, уздар көбөйө берүүсүн каалайт элем.

Улуу өнөрдү окуучуларга үйрөткөн асыл мугалимге терең ыраазычылык айтуу менен бирге ден соолукта болуп, иштерине албан-албан ийгиликтерди каалап кетемин!

 Бар болгула, асыл өнөрдүн учугун улоочулар!

 

Асанова Нурзат, Салибай Шатманов атындагы №39 Кызыл-Жар жалпы орто билим берүүчү мектебинин башталгыч классынын мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер