ИЛИМ КҮНҮНӨ АРНАЛДЫ

  • 17.11.2020
  • 0

И. Арабаев атындагы КМУнун география, экология жана туризм факультетинин базасында Илим күнүнѳ арналган студенттик онлайн илимий-практикалык конференция өттү.

ИЛИМ КҮНҮНӨ АРНАЛДЫ

Иш-чара география жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын башчысы, доцент Д.Солпуева, факультеттин илимий иштер боюнча координатору, доцент Г.Садыкованын жетекчилиги астында ѳткѳрүлдү. Ага география, экология багыты боюнча билим алган магистранттар, студенттер жана  Бишкек шаарындагы №83 орто мектебинин 10-11-классынын окуучулары катышышты.

Конференцияда Кыргызстандын тышкы экономикалык байланыштары, айлана-чѳйрѳнүн булганышы, анын алдын алуу, табигый ресурстарды пайдалануу сыяктуу учурдун актуалдуу маселелери ѳсүп келе жаткан муундардын кѳз карашы менен талкууланды.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер